Журналист Карамат Токтобаева: “Азаттыктын” коррупцияга аралашканын көп жылдан бери айтып, какшап келем… Бул радиону негизи жоюп эле салыш керек

Кечэз, 2-июнда Кытайлык ишкер Айэркен Саймаитинин елумун иликтеген комиссия укук коргоо органдарынын маалыматын угушту. Айэркен Саймаитин жакындарынын кубө өткөндөгү маалыматтарына таянып, УКМК “Азаттыктын” журналисти Али Токтакуновдун 100 миң доллар алганы тууралуу маалыматты таратты.

Анын айланасында социалдык байланыш тармактарында журналисттер ортосунда талкуу жүрүп жатат. “Санжыра” радиосунун жетекчиси Айдай Ивакова “фейсбук” баракчасына “Азаттыктын журналисттеринин акча алганына ишенесинерби?”-деген суроо койду. Ага, журналист Карамат Токтобаева пикирин жазып, эки журналист ортосунда кызыктуу диалог тузулду:

Карамат Токтобаева: Сурооңдун өзу кызык экен? Азатыктагылар” эмне, айда түшүп, анан ак уйгө барып калып атыптырбы? Алар деле тирик жан да. Чай ичет, соодалашат, кардар табат дегендей. Билгенге бул чон жалаа. “азаттыктын” коррупцияга аралашканын көп жылдан бери айтып, какшап келем. “Азаттык” ак уйгө жетчү трамплин катары пайдаланылып, түбү оңолбой калганын дайым айтсам мени бир өч алып аткандай көрүшчү.
Бирок чекеден журналисттери келип, мага жакындап, тазарып алгылары келгендерин да айтайын. Бул радиону негизи жоюп эле салыш керек.

Айдай Ивакова: Суроо жөндүү эле, мен негизи адам сатып кетүүгө жөндөмдүбү же жокпу деп сураганым жок адамдын негизи эле акчага болгон напсисин сураганым жок. Мен айтылган конкретүү ушул маалыматка ишенесизби же жокпу деп адамдардын жеке оюн сурадым. Ал эми трамплин боюнча. Бул да адамдын жеке каалоосуна жараша. Ак уйгө баргысы келген адам кандай болбосун мүмкүнчүлүктү пайдаланат. Ал эми коррупция боюнча айткандарыңызга эч нерсе дей албайм, себеби, сиз башкаларга караганда кобурүүк билсеңиз керек.
Иштеп, ичине аралашкан адам катары балким фактыларыңыз дагы бардыр..

Карамат Токтобаева: Конкреттүүлук жагына келсек бул маселеде башынан эле кумөн туудурган материал болгон.
Макалада кайсы бир тарапка көбүрөөк тартып койгон. Эми акча алган дегенге күмөн бар. Колунан кармап албаган соң. Бирок “Азаттык” деген бейтарап болуш керек болчу. Журналистикадагы экинчи тараптын ою деген берилбей калган. Ошол жагы күмөн жаратат. Сенсация жасагылары келишкен же бирөөнун таасири болгон же акча, чай-пай дегендей. Эки уйгурдун акча талаш ыплас иштерин далилсиз, тигиндей ыкмада бербеш керек эле. Өзү деле аягына чыгара албады. Далилей албады. Ошол сыяктуу акча алганын деле эч ким далилдей албайт. Сурооңдун өзу кызык
дегеним ошол. Же актагың келет же чын эле анализ кылган эмессин..

Айдай Ивакова: Ашыкча эч сөз, намек, ишарат жок, жөн эле суроону суроодой эле кабыл алыныз, андан ары актагың келди деп мени да ала жатпай. Анализ кылган эмессин дейсиз, бул кыска суроомду аналитикалык материал деп эч жерде айткан жок элем.

Карамат Токтобаева: Ким билет эми. Анализ кылсан суроо дагы жаралбайт эле дегеним. Неотизм сазына баткан “азаттыкка” реформа керек же жабыльш керек. Эч ким актай албайт миң көлдүктөр ‘айбалтасын” ала чуркасын..

Адилет Айтикеев: “Азаттык” актуалдуулугун жоготту. Жаап эле сальш керек. Америка мага окшогон салык төлөвчүлөрдүн эсебинен аларды каржылайт. Алар болсо өз билгенин кылышат. ГКНБ айткан факт далилсиз. Бул жерде көп суроо бар. Бирок “Азаттык” жабылышы керек.

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика