Жоомарт Максатбеков КР ЖКнын төрагасынын басма сөз катчысы болуп дайындалды

Бүгүн, 22-майда КР ЖКнын спикеринин басма сөз катчысы Элвира Темир кызматынан бошотулуп, анын ордуна Жоомарт Максатбеков дайындалган. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.

“Жогорку Кеңештин Төрагасынын басма сөз катчысы Элвира Темирдин ордуна Жоомарт Максатбеков дайындалды. Анын байланыш телефону: 638831. Жоомарт буга чейин бир катар мамлекеттик мекемелерде жана жеке менчик телекомпанияларда коомчулук менен байланышуу долбоорлорун жетектеген. Прессага төраганын эшиги ар дайым ачык. Учурдан пайдаланып, Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын атынан кесиптешим Эльвира Темирге терең ыраазычылык билдиремин. Эки жылдан ашуун кызматташуубуз учурунда Эльвира айымды абдан кесипкөй, жоопкерчиликтүү адис жана адамгерчиликтүү инсан катары тааныдык. Айрыкча, парламенттик кабарчылар менен кызматташууда ал жогорку чеберчиликти көрсөтө алды деп ойлойбуз. Ак эмгегиңизге ыракмат, Эльвира!”- деп билдирет Ибраим Нуракун уулу.

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика