Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
16 C
Bishkek
24.09.2019
Экономика

Жол консультанттарынын айлыгы суроо жаратты

Жол консультанттарынын айлыгы суроо жаратты

15-майда Жогорку Кеңеш Азия өнүктүрүү банкы менен жол курууга 68 миллион долларлык кредиттик келишимди ратификациялаган.

Келишимде банк 9,5 млн. долларды Кыргызстанга грант иретинде берет. Бирок ал сумманын 75 пайызы консультациялык кызмат көрсөтүүгө каралганы депутаттар арасында суроо жаратты.

Айрым депутаттар бул кредиттик келишимди ратификациялоодон баш тартты.

Депутат Жанар Акаев гранттык каражаттардын дээрлик 80 пайызы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө кете турганын айтып, нааразылык билдирген. Анын айтымында, бул долбоорго тартылган консультанттар айына 24 миң долларга чейин айлык алышат.

Транспорт министринин кызматкерлери консультанттар алган айлыктын өлчөмүн алардын жогорку квалификациялык сапаты менен түшүндүрүп, мындай шарт кредит берүүчү банктын талабы экенин айттып чыгышкан.

Айтор, жол курууга акча беребиз,- деген банктын мындай шартты коюп жатышынын өзү коомчулукта бүдөмүк, шектүү ойлорду жаратып жатат. Карапайым адамдарда “кайда барсаң Мамайдын гөрү” турбайбы дегендей түшүнүк калыптана баштады.

 Ring.kg

Окшош жаңылыктар

Бензин кайра кымбаттайт

Adminring

Кыздын бараар жери күйөө, АШАнын бараар жери түрмө

Adminring

Экономика министрлиги инвестиция саясатын карайт

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика