Жогорку Сот Свердлов округунан талапкер болгон Абдурахманхаджи Муртазалиевдин даттануусун канааттандырган жок. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы тастыктады.
“Абдурахманхаджи Муртазалиевдин БШКнын чечимине каршы даттануусу канааттандырылган жок. Жогорку Сот Бишкек шаардык административдик соттун чечими күчүндө калтырды”, – дешет басма сөз кызматынан.
Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен Бишкектин Свердлов округунда өткөн кайра шайлоодо эң көп добуш алган талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиев “добуш сатып алган” деген кине менен четтетилген.