Жогорку Кеңештин 15-16-декабрдагы жыйыны кийинки жумага жылдырылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы мунун себебин күн тартибиндеги маселелердин аздыгы менен түшүндүрдү.
Бүгүн, 15-декабрдагы парламент жыйынына Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) камакка алган депутат Бакыт Жетигенов боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу чыгарылмак.
Депутаттык комиссия 9-декабрда Башкы прокуратуранын Жетигеновду жоопко тартуу боюнча өтүнүчүн четке каккан жана 15-декабрдагы парламент жыйынына чыгарыларын билдирген.
8-декабрда Жогорку Кеңеш убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусунун негизинде депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга макул болгон эмес. Ал жыйында Жетигенов боюнча корутунду даяр эместиги айтылган.
9-декабрда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) өтүнүчү менен Биринчи май райондук соту Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду бошоткон.