Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
-1 C
Bishkek
14.12.2019
Башкы жаңылыктар

Жээнбеков: ЖККУ өлкөлөрү тышкы чек араларына тынчсызданбай эле койсо болот

Жээнбеков: ЖККУ өлкөлөрү тышкы чек араларына тынчсызданбай эле койсо болот

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 28-ноябрда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Бишкекте өтүп жаткан жыйынында айтты.
Жээнбеков уюмдун алкагында Орусияда алгачкы ирет «Эшелон» атайын машыгуулары, Тажикстанда «Бузулбас боордоштук» жана Орусияда «Өз ара иш-аракет» биргелешкен машыгуулары өткөрүлгөнүн белгиледи.
Жээнбеков Орусиянын жалпы Евразия чөлкөмүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аракетине баа берди.
– Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн «Борбор-2019» стратегиялык командалык-штабдык машыгуулары мындай аракеттин айкын мисалы боло алат. Эң заманбап техниканы колдонуу менен өткөрүлгөн машыгуулардын активдүү фазасына мен өзүм Оренбург шаарында күбө болгон элем. Орусиянын куралынын күч-кубатын өз көзүм менен көрүп, ага абдан таасирлендим. Биз ЖККУнун курамындагы өлкөлөрдүн тышкы чек араларына камтама болбой эле койсок болот, – деди Жээнбеков.
Мындан тышкары ал «Кыргызстан Орусиянын чөлкөмдөгү жана жалпы эле дүйнөдөгү туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталган аракеттерин колдоого алат» деп кошумчалады.
Бишкекте Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) кезектеги сессиясы өтүп жатат. Ага уюмдун курамындагы Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Тажикстандын, Беларустун президенттери жана Армениянын премьер-министри катышууда. (BTo)

Окшош жаңылыктар

“Бир буту толугу менен таңылып турат”. Абактагы Гүлнара Каримованын абалы начар.

Adminring

Жакыр үй-бүлөлөргө 100 миң сомго чейин жардам берүү сунушталууда.

Adminring

150 миң доллар пара алды делген Илмияновдун иши боюнча тергөө аяктады.

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика