Жапаров орус өкмөтүнүн башчысы Мишустин менен жолукту

Орусия өкмөтү пандемия маалында солгундап кеткен кыргыз-орус соода кызматташтыгын мурдагы калыбына келтирүүгө кызыкдар. Бул тууралуу 25-февралда Москвада иш сапар менен жүргөн кыргыз президенти Садыр Жапаров менен жолугушууда Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин билдирди.

Ал өз сөзүндө ортодогу мамилени бекемдөө үчүн биргелешкен аракет зарыл экенин белгилеп, өкмөт аралык комиссиянын, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун ишин позитивдүү деп баалады.

Садыр Жапаров орус өкмөтү көрсөтүп жаткан жардам үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнү жалпы маданият жана тарых гана эмес, саясий жана соода-экономикалык алака байланыштырып турарын айтты.

Президент болуп быйыл 10-январда шайланган Жапаров Орусияга иш сапар менен 24-февралда барды. Ошол эле күнү ал орус президенти Владимир Путин, Татарстандын президенти Рустам Минниханов, Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен, андан кийин бул өлкөдө жашаган мекендештер менен жолугушту.

error: Content is protected !!