Жалган маалымат тараткан жарандар кармалды

Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан эки жаран кармалды. УКМКдан билдиргендей, 26-мартта ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында1964-жылы туулган Баткен областынын Кызыл-бел айылынын тургуну Мурзакаримова Гүлнара Араповна жана 1984-жылы туулган Нарын областынын Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну Жумагулов Эрнист Ишенбаевич кармалды.

Г.Мурзакаримова Баткен областындагы коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу жалган маалыматтарды тараткан. Ал эми Э.Жумагулов социалдык тармактар аркылуу Кочкор районундагы Кочкор санитардык постунда укук коргоо органдары паспортторду текшербестен, 200 сом алып кое берүүдө деген маалыматты тараткан.

Г.Мурзакаримова жана Э.Жумагуловго түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн соң, алар кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурашты. Учурда алардын кылган ишине юридикалык баа берүүгө багытталган иш аракеттер жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, коронавирус боюнча республикалык штаб күнү-түнү иштеп, 0(312) 88 16 84 ишеним телефону боюнча бардык суроолорго жооп берүүгө даяр.

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика