ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛ ӨКМӨТҮ МЫЙЗАМДЫ БИЛБЕЙБИ ЖЕ ТОГОТПОЙБУ?..

Сокулук районундагы Жаңы-Пахта айылынын тургуну З.Н. аттуу жаран ЖК депутаты Ж.Акаевге жана ММКларга арыз менен кайрылган.

Арызда Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн жетекчи-кызматкерлери тарабынан узак мөөнөттөн бери жасалып келе жаткан бир нече мыйзам бузуу фактылары көрсөтүлгөн. Аталган фактылардын ичинде айыл өкмөтүнүн азыркы башчысы Н.Абдусатторов тарабынан кызматка мыйзамсыз дайындоо жөнүндөгү фактылар да белгиленген.

ММК өкүлдөрү арыздын негизинде жана “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Мыйзамдын 15-беренесинин талаптарына ылайык Муниципалдык кызматка дайындоо процедуралары боюнча түшүндүрмө берүүнү өтүнүп КРнын Мамлекеттик кадр кызматына кайрылышкан.

Аталган кызмат тарабынан арызды териштирүү үчүн жумушчу комиссиясы түзүлүп, Жаңы-Пахта айыл өкмөтүндөгү мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча кезексиз мониторинг жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында, айыл өкмөтүнүн жетекчилиги тараптан КРнын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын жана Эмгек кодексинин талаптары одоно бузулганды такталып, материалдар Чүй областтык прокуратурасына өткөрүлүп берилгендиги белгилүү болду.

Ал эми журналисттик иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу толук маалыматтарды коомчулукка жакынкы күндөрдө жеткиребиз.

 М.Жаркулов

Ring.kg”                                                           

 

error: Content is protected !!