Өз кызыкчылыгы үчүн кум-шагыл казып саткан, токой чарба жетекчиси

Кочкор районунун тургундары Кочкор токой чарба жетекчисинин кылган ишине нааразы болуп билдирүү жиберишкен.

Кочкор районунун Кочкор токой чарбасына караштуу чоң суунун боюнан, Кочкор токой чарбасынын жетекчиси Кубан Османалиевдин кум-шагыл казып, жүктөп элге саткан карьери. Көп жылдан бери райондогу кум-шагыл керектөөчүлөр ушул жерден Кочкор токой чарбасынын жетекчисини көргөзмөсү боюнча кум-шагыл жүктөп беришет. Былтыр жай айында 2018-жылы ушул карьерден Тендик айылынын 15 жаштагы бала сууга чөгүп каза болгон. Бул кырсык боюнча Кубан Османалиев эч кандай жооп береген жок. Ушул күнгө чейин карьерден кум-шагыл жүктөп, элге сатып келүүдө. Бул жерге бодо малдар түшүп кетип өлгөн учурлар болуп жатат. Карьердин сыртын тосуп же эскертүү белгилерин коюш керек эле. Бирок адам өмүрүнөн бул адамга акча жогоруу болуп жатат. Тендик айылынын тургундары райондун акимчилигине арыз менен кайрылышканда, эч кандай жооп беришкен жок. Кокус дагы кырсык болуп кетсе ким кепилдик бере алат. Бул иш боюнча республикадагы токой чарбасын тейлеген, мамлекеттик агенттин жетекчилери тезинен чара көрүшүн өтүнөбүз,– деп Кочкор айылынын тургундары.

Булак: КТРК

error: Content is protected !!