Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
12.4 C
Bishkek
14.10.2019
Билим алуу

Волонтёр болбосоң коё кал

Волонтёр болбосоң коё кал

 

Жакында, тактап айтканда 19-сентябрда Бишкек-Ош авто трассасында жүргүнчүлөрдү ташып келе жаткан “Хонда-Одиссей” үлгүсүндөгү авто машинаны милиция кызматкерлери токтотуп, текшерүүгө алышат. Авто машинада келе жаткан жүргүнчүлөр АКШнын “Тынчтык корпусунун” волонтёрлору — Йии Дэниел Джеймс жана Павел Девяткин болуп чыгат. Арткы орундукта отуруп келаткан жүргүнчүнүн жанындагы баштыктан 1 кг 20 гр салмактагы жашыл түстөгү шектүү зат табылат. Алынган заттар соттук-медициналык экспертизанын корутундусу менен марихуана баңги заты экени аныкталган. Кармалган АКШ жарандарынын бири — И. Д. Джеймс сурак учурунда баардык күнөөнү мойнуна алып, нарко зат өзүнө тийешелүү экенин көрсөткөн. Укук коргоо органдары П. Девяткинди коё берүүгө аргасыз болушкан. Ал эми Джеймс сот тарабынан 2 айга камакка алынып, Жалал-Абад СИЗОсунда камалып жатат.

АКШнын “Тынчтык корпусу” Кыргызстанда 1993-жылдан бери иш жүргүзүп, бул аралык ичинде англис тилинен мугалим катары миңге жакын волонтёр Кыргызстанда болуп кайткан. Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн ар кайсы аймактарында 70ке жакын бул уюмдун волонтёрлору балдарыбызды англис тилине үйрөтүп жатат. Эгерде 93-жылдан бери бул уюмдун волонтёрлору баңги зат ташып келген болсо, балдарыбызды эмнеге үйрөтүп жатабыз?

Окшош жаңылыктар

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун базасында инженер саперлорду окутуу боюнча курс аяктады

Adminring

Мектепте акча чогултуулар күч алууда

Adminring

Мектептерге электрондук кезекке туруу башталды

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика