Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
-1 C
Bishkek
14.12.2019
Дүйнөлүк жаңылыктар

Венеция суу алдында калды

Венеция суу алдында калды

Венециянын тургундары акыркы бир жумада үч жолу суу ташкынына күбө болду. Шаардын 70 пайызы суу алдында калганы айтылууда.

Италиянын Венеция шаарында акыркы 50 жылдан берки эң ири суу ташкыны болуп жатканын The Guardian басылмасы жазды.
Акыркы жумада Венеция шаары үч жолу суу алдында калды. Жекшемби күнү, 17-ноябрда, суунун деңгээли 1,5 метрге көтөрүлгөн. Калаа бийлиги туристтердин жана шаардыктардын коопсуздугу үчүн Ыйык Марк аянтын кайтадан жапты.
Суунун деңгээли кескин көтөрүлгөндүктөн шаардын 70 пайызы суу алдында калган. Анын ичинде ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирген имараттар да бар. Шаардагы музейлердин көбү жабылып, транспорт каттамдарына чектөө киргизилген. Ал эми жөө адамдар атайын салынган жолдор менен басууда.
Келтирилген чыгым болжол менен 1 миллиард еврону түзөт.
Венецияда ар төрт жыл сайын суунун деңгээли жогорулап турат. Бирок 115-125 сантиметрге көтөрүлүп, шаардын 10 пайызга жакын бөлүгүн гана каптайт.

Окшош жаңылыктар

Кыргыз-Тажик чек арадан тургундарды коопсуз аймакка чыгаруулардын саны өсүүдө

Adminring

«Eurovision-2019» финалисттери аныкталды

Adminring

Нигерия сенатору: Кыргыз бийлигин жоопкерчиликке тартыш керек

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика