Тарых музейиндеги коррупция …. С.Исаков Атамбаевдин тапшырмасын аткарып жаткан адам катары музейдин жалпы капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөп, коррупциялык схемага М. Карыбаева, К. Султановдор тартылган…

УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ: ТҮРКТӨР “ТҮПТӨЙМ” ДЕГЕНДИ, НЕМЕЦТЕРГЕ “ТАЛКАЛАТКАН” ИКАЯ

Атамбаевдик түптөгөн коррупциялык схемалар “кыйрай” баштады. Укук коргоо органдары мындай схемалардын дагы бирин – Улуттук тарых музейине байланышкан  кылмыш ишин тергеп сотко өткөрүп, ал 28-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда карала баштады.

Алдын ала тергөөдөгү кылмыш ишинин алкагында жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адамга Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде айып коюлганы маалымдалган. Алар: экс-премьер-министр Сапар Исаков, президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева, Мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун орун басары Алмаз Абдыкаров, аталган агенттиктин алдындагы Турак жай курулуш департаментинин директору Улукбек Матисаков жана анын орун басары Шайбек Атамбеков, “СМУ-3” жеке менчик ишканасынын директору Айдарбек Мендеевдер эле.

 

                                        МУЗЕЙЧИЛЕРДИН АРУУ ТИЛЕГИ

 Тээ совет доорунда курулуп, улуу көсөм В.И.Лениндин ысмын алып жүргөн тарых музейин реконструкциялоо планы 2000-жылдардан бери эле жүрүп, бир нече варианттар каралып келген. 2014-жылы музей кызматкерлери алардын арасынан “ Кыргызстан тарыхы байыркы мезгилден бүгүнкү күнгө чейин” деген аталыштагы жаңы экспозиция концепциясынын эскездик макетин президент А.Атамбаевге көрсөтүшкөн. Бардык улуу иштер жөнөкөйдөн башталгандай эле, музейчилердин алгачкы аруу тилектеринде коррупциянын “жыты” да болгон эмес.

Мамлекет башчы бул концепцияны жактырып, аны ишке ашыруу үчүн акча таап берүү убадасын берген.

Атамбаевдин аракети майнаптуу болуп, ошол эле 2014-жылы Туркия президенти Реджеп Эрдоган менен болгон жолугушууда кыргыз музейин реконструкциялоого макулдаткан. Ал эми 2016-жылы март айында КРнын Өкмөтү менен Туркия өкмөтүнүн кызматташуу жана координация боюнча агентигинин (ТИКА) ортосунда музейди реконструкциялоо жөнүндөгү протоколго кол коюлган.

Реконструкция эки этап менен жүрмөк болгон. Биринчи этабы – имараттын сыртын оңдоо жана анланасын көрктөндүрүү. Туркия тарап бул ишке грант түрүндө  5 000 000 (беш миллион) АКШ долларын бөлүп, 2016-жылдын 31-августуна чейин бүтүрүүнү болжогон. Экинчи этабы – ички бөлүктү реконструкциялоо жана музейдин жаңы экспозициясын түзүү. Бул иштер үчүн 10 000 000 (он миллион) доллар каралган. Албетте, эки этапка тең жумшалуучу акча каражаттары түктөр тарабынан кайтарымсыз (безвозмездно), т.а. бекер берилмек.

 

                                          АТАМБАЕВДИН “АМБИЦИЯСЫ”

 Туркия тарап айтканына туруп,  музейдин сырткы оңдоп-түзөө иштерине 4 миллион долларлык жумуштарды аткарган. Ал эми ички бөлүгүнө келгенде “проблема” чыккан. Тергөөнүн божомолуна караганда, буга А. Атамбаевдин “косягы” себеп болгон. Ошол учурда кыргыз-түрк мамилесинин солгундап кеткенине байланыштуу сырты бүткөрүлгөн соң, экинчи этабы токтоп калган. Арийне, Түркия оңдоо иштеринен баш тарткан эмес. Бирок, алардан акыркы жоопту күтпөстөн кыргыз өкмөтү ремонт иштерин аягына чыгаруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард 569 миллион сом бөлгөн…

2017-жылдын башында президенттик мөөнөтү бүтүп бараткан А.Атамбаев “сүймөнчүгү”, аппарат жетекчиси Сапар Исаковго ноябрь айына чейин, т.а. президенттик мөөнөтү бүткөнчө музейди да бүтүрүү талабын койгон. Муну аткаруу теориялык жактан алып караганда мүмкүн эмес эле. Реконструкциялоодо расмий буюртмачы (заказчик) болуп Мамлекеттик курулуш агенттиги көрсөтүлгөн. Ал эми музейдин ички жаңы экспозициясын түзүү иштерине Маданият министрилиги расмий жооп бермек. Ошентип, ал кездеги аппарат жетекчи С. Исаков музей ишине кийлигишүүгө акысы жок болчу.

Анын үстүнө, дүйнөлүк тажрыйбага ылайык, музей экспозициясын түзүү 3 жылдан кем эмес убакыт талап кылынмак. Экспозиция түзүү – бул оңой-олтоң иш эмес. Ошондуктан түркиялык ТИКА агенттиги 2017-жылдын ноябрына чейин бүтүүдөн баш тартып, Атамбаевдин эңсөөсү канаатандырарлыксыз калтырылат. Эгер макулдашууга ылайык иш алып барса анда музейдин ачылышын кийинки президент ачып калмак. Аны Атамбаев каалабайт. Өз “проектисин” өңгөгө ыраа көргүсү келбейт. Демек түрктөрсүз, өз күчүбүз менен (мамлекеттик акча менен) бүтүрүшүбүз керек,- деген чечимге келген А.Атамбаев.

Ошентип, Кыргызстан экс-президенттин жеке амбициясы менен 10 миллион доллар түрк грантынан кол жууп калган.

 

                                              КОРРУПЦИЯ БАШАТЫ

 2017-жылы 26-августта С.Исаков Өкмөт башчысы болуп дайындалгандан 3 күн өтүп, 29-августта Улуттук тарых музейин жабдууларды алуу үчүн республикалык бдюжеттен 869 миллион 447 миң сомду бөлүү жөнүндөгү Өкмөттүн №378-р буйругуна кол коёт.

Ага чейин, кандайдыр бир белгисиз себептер менен аппарат башчы С.Исаковдун немецтердин «Vitrinen- und Glasbau REIER GmbH» (мындан ары- Reier) аттуу компаниясына көңүлү түшүп калат. Аны ким сунуштап, ким алып  келгендиги тергөөдө такталган эмес. Айтор, 2017-жылдын 26-апрелинде КРнын аппаратынын С.Исаков, М.Карыбаева ж.б. кызматкерлери менен «Reier» компания өкүлдөрүнүн ортосунда жолушуу өтөт. Ак үйдөгү алгачкы кездешүүгө германиялык компания тараптан – «Reier» жетекчиси Уве Райер, тилмеч Екатерина Фролова, дизайнерлер Стефан Иглхаут жана Геза фон Грот катышат. Бул жолугушууда Уве Рейер С.Исаковго музей боюнча аткарылуучу иштердин болжолдуу көлөмүн жана баасын айтат. Ал 8 миллион евродон ашыгыраакты атайт. Мынча каражатты кайдан таап берээри дайын болбосо деле С.Исаков бул сунушка макул болот.

Ал эми 2017нин июнь айында «Reier» немец компаниясы менен 8 миллион 890 миң еврого келишим түзүлөт. Келишимге кыргыз тараптан “СМУ-3” ЖЧКсы кол коёт. Анткени, расмий “заказчик” Мамкурулуш агенттиги “СМУ-3” жеке менчик ишканасын подрядчик катары жалдаган экен.

Тергөөнүн далилине караганда бул иштердин башында С.Исаков туруп, Мамкурулуш дагы, “СМУ-3” дагы ага баш ийип турган.

Мындан башка, бул коррупциялык схемага атамбаевдин башкы “идеологу”, кесиби тарыхчы М.Карыбаева менен президенттин кеңешчиси К.Султановдор тартылат.

К.Султанов кесипкөй куруучу катары музейдин курулуш бөлүгүнө, ал эми М.Карыбаева тарыхчы катары ички толуктоо жана жаңы экспозиция түзүү иштерине кураторлук кылышат. Ал эми С.Исаков Атамбаевдин тапшырмасын аткарып жаткан адам катары музейдин жалпы капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөгөн…

 

                                               «Reier» компаниясынын “белектери”

Ошентип, Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөө иштери мыйзам бузуулар жана коррупциялык схемалар менен коштолгону, мындан мамлекеттик бюджет 101,6 млн. сом зыян тартканы тергөө тарабынан далилденип олтурат. Мамлекет бюжетинен бөлүнгөн 869 миллион 447 миң сом акча каражаттары сарамжалсыз жумшалганы, жабдуу, эмерек жана экспонаттар өтө кымбат баада сатылып алынганы ашкереленген.

Мисалы, германиялык «Reier» компаниясы алып келген “Барсбек” деген аталыштагы  жыгачтан жасалган 58 даана инсталляциянын ар бири 600 доллардан, аттын эки жыгач калыбы 14 миң евродон бааланып, алынган эмеректер өз баасынан 4-5 эсе кымбатка турган.

Жалпылап айтканда, музейди реконструкциялоону ишке ашыруу иштеринде төмөндөгүдөй мыйзам бузуу фактылары катталган: -Түркия өкмөтү бекер беребиз деген каражаттан баш тартып, Кыргызстандын бюджетинен 1 миллиард 569 миллион сом чыгымдалган; – Мыйзам чегинде тендер өткөн эмес; – Эмеректер чет мамлекеттен өтө ашынган баада көп акчага сатылып алынган;

Тергөөнүн жүрүшүндө Улуттук тарых музейин оңдоо учурунда сыйрылып алынган кымбат баалуу мармар жана гранит плиталардын жарымынан көбү дайынсыз жоголгону ачыкка чыккан. Бирок, алар ким тарабынан кай жакка, кандай максатта “житип” кеткендиги азырынча ачык бойдон калган.

Соттук териштирүү иштеринин жүрүшүндө башка дагы кошумча фактылар ачыкталып калышы мүмкүн.

Мухтар Аскаров

Ring.kg

 

error: Content is protected !!