УКМК: Коррупцияга жана криминалга каршы күрөш күчөйт


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстанда коррупцияга жана криминалга каршы күрөш күчөй берерин билдирди. 27-октябрда мекеменин басма сөз кызматы маалымат таратып, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин “Бийлик уюшкан кылмыштуу топтор менен келишип алган” деген билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Атайын кызмат Дүйшөбаевдин айткандары чындыкка дал келбесин жана эч кандай негизи жок экенин белгилеп, “УКМК коррупцияга жана криминалга каршы активдүү күрөшүүдө. Бардык иш-чаралар мыйзам чегинде уюштурулуп жатат. Мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды жоюу, келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана криминалдык көрүнүштөрдү жок кылуу боюнча тийиштүү иштер жасалууда” деп билдирди.

Бүгүн 27-октябрда Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Дүйшөбаев Бишкекте пресс-конференция өткөрүп, УКМКнын ишин сынга алган. Ал Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кармалып, кайра кое берилишин жана “мыйзамдагы ууру” атыккан Камчы Көлбаевдин колго түшүрүлүшүн “театрлашкан шоу” деп атаган жана күч структуралары, өлкө жетекчилиги ишинде мыйзамдарды сактабай жатканын айткан. (RK)