Транспортто жоготкон буюмуңузду эми таба аласыз. Мэрия жол-жобосун айтты

Бишкек мэриясы коомдук транспортто жоголгон буюмдар үчүн бюро уюштурулганын эске салды.
Муниципалитет Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине коомдук транспортто буюмун жоготкон же таап алган адамдар көп кайрыла турганын белгиледи. Мындан улам аталган бөлүм тарабынан жоголгон жана табылган буюмдар үчүн кеңсе уюштурулган.
“Эгерде сиз коомдук транспортто кандайдыр бир нерсени жоготуп же таап алсаңыз, анда азыр сизге шаар боюнча тигил же бул маршрутту издөөнүн кереги жок. Департаментке кайрылып, өтүнүч калтыруу жетиштүү, бул издөөнү бир топ жеңилдетет”, — деп жазылган маалыматта.
Арызда унутулган же табылган нерсени кенен сүрөттөп, каттамдын номерин, ордун жана убактысын көрсөтүү зарыл.
Кайрылууну 7-Апрель көчөсү, 4а дарегине же (0559) 69-69-48 WhatsApp номерине калтыруу керек.
error: Content is protected !!