Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
24.1 C
Bishkek
22.08.2019
Маек

Топчубек Тургуналиев, коомдук жана саясый ишмер: “Ылайым, мындан ары кыргызда Атамбаевге окшогон адам төрөлбөсүн!”

Топчубек Тургуналиев, коомдук жана саясый ишмер: "Ылайым, мындан ары кыргызда Атамбаевге окшогон адам төрөлбөсүн!"

– Топчуке, ушул жылдын 7-8- августундагы окуяларга бааңыз, көз карашыңыз кандай?

– 8-августтагы окуяны – өлкөбүздүн саясый майданындагы чыныгы мекенчил элибизге тынчтыкты, калыстыкты, адилеттикти сүйгөн күчтөрдүн чоң жеңиши катары баалаймын. Буга чейин бизде гана эмес, айрым чет өлкөлөрдө деле Кыргызстандын ичиндеги сая­сый абалды эки адамдын тиреши катарында жазып келишпедиби. Бирок, ал жөнүндө Сооронбай мырза парламентте сүйлөгөн сөзүндө: “бул эки саясатчынын тирешүүсү эмес, коррупциянын кыр чокусуна жеткендер менен мыйзамдуулуктун, өз кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койгон адамдар менен чындыктын ортосундагы кыл чайнашкан күрөш”- деп туура айтты. Мен ага толугу менен кошулам.

Алмаз Атамбаевдин акыркы айлардагы акылсыз, айныган жоруктары өлкөдөгү саясый абалды курчутту, би­рок биротоло буза албады. Буза да албайт болчу, азыр саясый кырдаал таптакыр башка. Эл кимдин ким экендигин түшүндү. Сооронбай мырза коррупцияга каршы чоң казат баштап, мамлекеттик бийликти элдин кызыкчылыгына иштетүүгө жасаган натыйжалуу аракеттерин көрүп турат, колдоп жатат. Эл мамлекеттин тынчтыкта, туруктуулукта азыркыдай таризде өнүгүшүн гана каалайт.

Кышында Атамбаев “мобуларды үч айдын ичинде аткаргыла, аткарбасаңар силерди бийликтен оодарам” деп ачык эле ультиматум койгон эле. Кийин ал сөзңн такай кайталап келди. Сооронбай Жээнбеков жөн жерден бийликтин кыр чокусуна келип калган адам эмес, ал кыргызстандыктардын көпчүлүгүнүн добушу менен мамлекет башчылыгына шайланган. Элдин, мамлекеттин толук мыйзамдуу башчысы, атасы. Биздин Баш мыйзам тарабынан кепилденген жетекчибиз. Тилекке каршы, Алмаз Атамба­ев аны түшүнгүсү, моюндагысы келбеди, анын айныган сөздөрүнө кошулуп, айрымдар да арамдык менен адалдыктын, адилеттик менен ыймансыз жемкорлуктун ортосундагы элдешкис күрөштү эки адамдын ортосундагы пикир келишпестик, тирешүү, кектешүү катарында көрсөтүүгө аракеттеништи.

Кеп башкада эле: “Мейли, Жээнбе­ков президент боло берсин, ал эми иш жүзүндө өлкөнү мен башкара берем” де­ген үмүтү таш капты. Сооронбай мырзаны каалагандай калчайм, былыктары башынан ашкан шакирттеримди калкалап келем деп жанталашкан. Бирок, президентибиз кажыбас кайратын көрсөтүп атат.

Кандай адам мыйзамга, мамлекеттик тартипке баш ийгиси келбейт? Албетте, айныган, акылынан адашкан гана. Ылайым, арбагы ыраазы болсун, менин Бурма деген энем бар эле. Ал басса-турса эле: “айланайын Кудай, алсаң мени айнытпай акыл-эсим менен ал” деп эле ти­лей берчү. Мен кээде: “эне, бул эмнеңиз, ушу сөздөрдү эле айта бересиз?” десем, “ээ балам, аны кийин түшүнөсүң” деп койчу. Мына эми анын маанисин Атамбаевдин жоруктарынан көрүп отурам. Өмүрүн жакшы баштагандар көп, би­рок, аны жакшы аяктагандар андан аз болот экен.

Адамды акыркы сапарга узатып жатканда маркумдун баласы туруп: “Оо, эл-журт, атам кандай адам эле?” деп сурайт эмеспи. Ошондо аны уккандар чын жүрөктөрүнөн “жакшы адам эле” дешсе, ага берилген чоң баа болот. Элибиз ушундайдай керемет баалуулуктарды тутунганы, барктаганы үчүн 3 миң жылдан ашык жашап келатат. Мен Инжилди, Куранды, буддизмдин, даоизмдин ж.б. диндердин, агымдардын негиздерин оку­гам, окуп жүрөм, бирок мындай акыркы сапарга кетип жатканында адам бойдон калууну тилегендерди башка элдерден жолуктурган эмесмин. Кыргыз ушул жагынан улуу экен. Атамбаев ушул улуулук жолдон, акыл-эстен тайды, айныды, аны чындап Кудай урду. Ал эки сөзүнүн биринде эле “Кудай” дей берчү. Адам бейчеки эле Кудайдын атын атай бербеш керек, ал Куранда да, Инжилде да бар. Колу менен жаман иштерди жасап, анан “Кудай” деген адам Кудайдын каарына калат. Атамбаев Кыргызстандын азыркысына гана эмес, келечегине да балта чабууга аябай аракет кылды.

– Алмаз Атамбаевди кармап, укук коргоо органдарына апкелүү боюнча операцияларды кандай баалайсыз?

– 7-августтагы ишке ашпаган опера­ция боюнча адистер, эксперттер жазып, айтып жатышат. Негизинен алардын айткандары туура, чекисттердин колдорунда Атамбаевдин үйүнүн ичинин чиймеси, андагы абал боюнча так маалымат болуп, алар ошого жараша иш кылуу керек эле. Бирок, тилекке каршы, андай болбоду, адамдардын каны төгүлдү. Эгерде алдын ала атайын атайын операция пландаштырылса, ал көбүнчө түн жарымында, күтүүсүз убакта, чагылгандай тездикте ишке ашырылат да. Бул Опумбаев баш болгон үч тамгачылардын шалаакылыгы. Ал эми экинчи 8-августтагы иш чара – атайын операциянын үлгүсү болду. Бир да адамдын канын төкпөй, Атамбаевди сүйлөшүү менен эле колго түшүрүштү. Ал үйүн аскердик согуш крепостко айландырып алып, өзү кум толтурулган каптардын аркасында снайпердик винтовкасы менен киргендерди аңдып отурганын көрдүк. Адам эмне болуп калыптыр, ал винтовка менен вертолётторду, жапыз бараткан самолётторду атып түшүрсө да болот. Аны мээлеп турган Атамбаевге куралсыз, а түгүл баш кийимсиз барып, тайманбай, тайсалдабай сүйлөшүп, аны багынууга көндүргөн Курсан Асанов чыныгы эр жүрөк жоокер генерал, Манастын тукуму экен. Бизде генералдар сайдын таштарындай, алардын көбү самопал. Баткен окуясында бир генералдын керебетинин түбүнө бекинип алганын деле укпадыкпы. Генерал деп Курсан инимди айтса болот. Кыйын учурда генералдардын, өзгөчө отставкада жүргөндөрүнүн бирин деле көрбөдүк.

Мен кээде Манаска, Бакайга, Каныкейге, Кошойго, Акбалтага мүнөздүү кайрат, эр жүрөктүк алар менен кошо кеткен, “азыркылар андай, мындай” деген сөздөрдү көп укчу элем. Жоокерчилик убактарда кылычын кынсыз байланып, атын жайдак мине чаап, эл үчүн канын- жанын аябай турган баатырлар көп бол­гон. Элибизде дагы деле андай баатыр­лар бардыгын 2010-жылдын 7-апрелинде биринчи жолу көргөм. Курсан Асановдун, аны менен кошо баргандын эрдигинен кийин ага экинчи жолу ишендим. Тагдыр чечүүчү чукул бурулуштарда коркпостон өмүрүн тобокелге салып, жаалданган миңдеген адамдардын алдына чыгуу же мындан ары жогото турган эч нерсем жок деп жанынан кечип салган куралчандарга тике баруу үчүн тоодой жүрөк, кажыбас кайрат керек.  Атамба­ев өзү мактангандай, беш жоокерди жарадар кылып, алтынчысын өлтүргөндөн кийин жогото турган эч нерсеси калган эмес, ыгы келсе Курсан Асановду деле атып салмак. Бункеринин дагы бир жеринде көздөрүнө көрүнгөндү ата турган куралчан башка адамдар да отурушу мүмкүн эле. Курсандын эрдиги ушунда, ал андай тобокелчиликти билип туруп, куралсыз, жылаң баш Атамбаевге барды. Ал канында Манастын, Алманбеттин, Чубактын рухтары бар чыныгы тайманбас, жоокер генерал экен. Бар болсун! УКМКнын шөмтүрөгөн жетекчиси 7-августта операцияны үзгүлтүккө учуратып салып, анан “отставкага кетем” де­ген экен, президент “ушундай учурда да отставкага кетчү беле”- деп катуу айтпадыбы. Мени баарынан кыжырлантканы – Атамбаевден кол тийбестик 27-июнда эле алынып салынгандыгына карабастан мамлекеттин эсебинен айлык алган эки жансакчы кайтарып жүргөнү болду. Эми кылмышкерди да мамлекет кайтарабы?!

– Ушул иштердин баарын Атам­баев өз ыктыяры, эрки менен жасадыбы же айрымдар күүлөп, көкүтүп отуруп, аны ушундай абалга алып келиштиби? Бул жөнүндө кандай ойлойсуз?

– Албетте, айланасындагылар “мын­дай кылганыңыз болбойт” деп караламанча каршы турушса, мүмкүн, ал мындай деңгээлге чейин жетмек эмес. Адвокаты, ЖКнын Карамушкина, Кодуранова, Артыков, Мадеминов сыяктуу депутаттары парламенттин чечими, тергөөчүлөрдүн суракка чакырганы мыйзамсыз деп көкүтүп туруп алышты. Ал эми кайнагасы Фарид Ниязов баштагандар жалаң чындыкка коошпогон жалган материалдарды таркатып турушту. Алардын баары кылган иштерине, жоруктарына жараша мыйзам алдында жооп берүүлөрү керек. Анан В.Путиндин атайын учак жиберип, кабыл алганы да туура эмес болду. Эмне үчүн Атамбаев Россиянын чоң чиновнигиндей Россиянын аскердик базасынан учушу керек эле? Кыргызстандагы абал кызып турганда алар биздин ички иштерибизге неге аралашат?

Д.Медведев “Кыргызстан революциянын лимитин түгөткөн”- дейт. Эмне революцияга уруксатты Медведев берет бекен? Революция деген Медведевдердин миллиондогондоруна баш ийбеген тарыхый окуя эмеспи.

Мен бир нерсеге таң калам, Атам­баев айланасына жаш балдарды, аялдарды топтоп, малдарын союп берип, ачкыл-кычкылдарын ичирип, аларды бийликке каршы шыкактап жат­канда Кой-Таш, Арашан айылдарынын аксакалдары чогулуп, Атамбаевге ке­лип, “Алмаз, айланайын жаш балдарды мыйзамсыз нерселерге аралаштырып, убалдарына калба” деп неге айтышпады?! Айыл өкмөтүнүн башчысы, аким, губернатор, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, эмне үчүн Кой-Ташка барып, эл арасында түшүндүрүү иштерин эмне үчүн жүргүзүшпөдү? Мамлекетке жүздөгөн миллион долларлык зыян келтирген деп шектелип, элди бөлүп, мый­замга баш ийбей жаткан адамды коргоп, деги ким абийир табат?

– Атамбаев кармалар менен Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайрылып келди. Анын оюнда эм­не бар деп ойлойсуз?

– Анын да башына доо кетсе керек. Ага каршы эки кылмыш иши козголсо, алардын бири да аягына чыгарыла элек. Эки тарап жоолашып жатканда шылуун үчүнчү тарап өз ишин бүткөрүп алганга аракет кылат эмеспи. Бабанов да ошондой кылды. Бир нерсени айтайын. Мен Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министр, Талиева вице-премьер-министр болуп турганда илимий китеп чыгаруу үчүн акча сурап Жантөрөгө кирдим. Ал ошондо мага: “Топчуке, сураган акчаңыздын баарын бердирет элем, бирок мурдагы Өкмөт башчы Бабанов өткөн жылы эле быйылкы жылдын салыктарын да чогултуп алып бюджеттин жетишпестигин жаптырган экен, мен алардын ордун толтура албай шайым кетүүдө. Ушул жагына ыраазы болуңуз”- деп сураганымдын жарымысын бердирген. Ал “бир-эки жыл ушинтип, кийинки жылдардын эсебиндегилерди шыпырып, аброй ала турайын, андан кийин эмне болсо ошол болсун, ба­ары бир ага чейин мени кызматтан кетиришет” деген да. Ошондой адамдан жакшылык күтүп болобу. Анын айрымдары, маселен “Мегакомго” байланышкандары ЖМКларга да чыккан. Оштогу өзбектер гана жашаган маалага барып, аларды эмнеге чакырганын да билебиз.

Ушундан улам бир окуя эсиме түшөт. 1990-жылы майдын аягында ошол убактагы өкмөт башчы Апас Жумагулов Ошко барган. Ошондо обкомдун 3-катчысы Санавар Бахапова “Апас Жумагулович, кан жыттана баштады, тезирээк чукул абал киргизбесеңиздер болбойт “ деп ыйласа, Жумагулов “бул истеричканы кайдан тапкансыңар? Жоготкула мунуңарды” деп Үсөн Сыдыковго атырылган. Ошол жылдын июнундагы кандуу окуяларда А. Жумагуловдун да чоң күнөөсү бар. Бул раматылык Д. Садырбаевдин “Кайран эл” эпопеясында бар. Менин бул жерде ай­тайын дегеним, улуттарды бири-бирине козуткусу келгендерге карата элдешкис позицияда болуу зарыл. Бабанов сөзүнө турбаган жигит экен, эки жыл мурда “саясаттан кеттим” деген. Калганын көрө жатабыз.

– Мен парламенттин кезексиз жыйынын, анан электрондук ЖМКлардагы берүүлөрдү көрүп отуруп, айрымдардын чындап эле “эртең абал кандай болуп кетет, андан көрө тийиштүү жеримди кысынып эле отурайын”деп тайсалдап коркуп, айрымдары адаттарынча кылтыңдай башташкандарын байкадым. Ал эми сиз 8-августта эртең менен “24-каналга” келип, Атамбаевди эсине келип, колго түшүп берүүсүн чечкиндүү түрдө талап кылдыңыз. Мен айткандар боюнча Сизде кан­дай байкоолор, ойлор болду?

– Мен 8-августта эртең менен КТРдын жетекчисине телефон чалып, “түштө силерге барып, элге кайрылайын, кырдаал боюмча оюмду айтайын” десем, ал “жок, эртең келиң”-деди. Мен ага жалгыз барганым болбос, силер ар дубандан экиден өкүл чакыргыла, ошолор менен кошо сүйлөйлү деп Роза Отунбаева баштаган 15 адамдын тизмесин да бердим. Мен КТРга жөнөйүн деп жатсам, Алмаз де­ген жигит телефон чалып, “келбей коё туруңуз, Коопсуздук кеңешинин жыйыны бүткөндө сүйлөйсүз”- деди. Атамбаевчилердин бири менин  эртерээк элге кайрылганымды каалабады окшойт. Бир топтон кийин мага телефон чалып чакырышты. Барсам, мен тизмесин бергендерден эч ким жок. “Алар кана?”- десем, табылгандардын бардыгы ар шылтоолорду айтып, элге кайрылгылары келбеди дешти.

Сенин айтканыңда чындык бар. Биздеги мамлекеттик чиновниктер түгүл, эбак эс алууда жүргөн абышкалар деле чечүүчү учурларда баштарын жууркандарына катып, “эртең өз сөзүм өз башыма муш болбосун” деп бекинип калышат да анан абал бир жаңсыл болгондо жамырап чыга калышат. Бирок, “жоо кеткенден кийин кылычыңды бокко чап” дегендей, убагында айтылбаган сөздүн кийин кимге кереги бар? “Убагында айтылба­ган сөз карып” деп Калыгул олуя айткандай, бизде антип калыс сөздү, чындыкты карып кылгандар көп. Телени карап отурдум, 4-5 адам эле сүйлөп жатышты. Тилекке каршы, бул биздеги илгертен келаткан көрүнүш, түйшүгүнө аралашпайын, бир нерсе бөлүштүрүлө баштаса гана жетип барайын деп турушат. Ан­дай көрүнүштөн жакын ортодо арыла албайт окшойбуз.

– Эми мындан ары коррупцияны жактаган күчтөр кандай аракет кылышат деп ойлойсуз? Дагы де­ле ачык реванш алгылары келишер бекен же…

– Мындан ары азыркыдай ачык жаалдуу аракеттер болбойт, бирок башкача түрүндө азыркы бийликтин ички, тышкы саясаттарын үзгүлтүккө учуратып, жаманатты кылгысы келүү аракеттери сөзсүз болот. Миллиондорунан ажырап, түрмөгө бараткандар жөн кетишпейт. Ошондуктан кыраакы, сак бо­луу зарыл.

– Маркум Үсөндүн апасынын каргышын уктуңуз да…

– Ооба. Эненин каргышы текке кетпейт. Ылайым, мындан ары кыргызда Атамбаевге окшогон адам төрөлбөсүн!

Маектешкен Тынчтыкбек Бешкемпиров

Булак “Майдан.kg” гезити

Окшош жаңылыктар

Иса Өмүркулов, Атамбаевдин мурунку досу: “Жуугунду ичкендин баары Атамбаевдин короосуна чогулушту”

Adminring

Бекболот Талгарбеков, коомдук ишмер:“Кыргыз эли миң жылда бир келчү кырсык – Атамбаевден кутулганы турат”

Adminring

Талант Мамытов,  ЖК депутаты: “Экс-президент суракка келбесе, мажбурлап алып келсе болот”

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика