Тирүүлөй көмүлгөн киши жер алдынан чыгып келди. Окуянын чоо-жайы

Индиянын Гондал шаарынын жашоочусу Капил Маракан кол салгандар тирүүлөй көмүп салышкандан кийин мүрзөдөн өз алдынча чыгып кетүүгө үлгүргөн. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Анда жазылгандай, Маракан май фабрикасында 6 жыл иштеген. Жакында гана ал жумушун алмаштырган. Жабырлануучунун мурунку иш берүүчүсү зыянга учураганына аны күнөөлөп, өч алууну максат кылган. Мындан улам аны уурдап, сабап андан кийин колу-бутун байлап, кумга көмүп салган. Ал бул ишти өзүнүн шериктери менен бирге жасаган. Алар кылмыш болгон жерден изин жашырып кетишкен. “Маракан алгач кумдун алдынан ачууланып, бир бутун бошотууга жетишкен. Бир канча аракеттин артында ал кумдун алдынан чыгууга үлгүргөн“, – деп жазылат маалыматта.

Жабырлануучу кум алдынан чыккан соң кылмышкерлер аны байкап калып, изинен түшүшөт. Бирок Маракан анча алыс эмес жерде жайгашкан абакка чейин жетүүгө үлгүргөн. Андан соң ал жердеги полиция кызматына окуя тууралуу кабарлап, кылмышкерлер кармалган. 

Булак: super.kg

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика