Тилек Токтогазиев “Ала-Тоо” аянтындагы митингден жаракат алды

“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев “Ала-Тоо” аянтындагы митингде жаракат алды.

Кадрдан Токтогазиевди колу-бутунан кармап алып көтөрүп бара жатканын көрүүгө болот. Ага жардам бергендердин “Тилек, карман” деп жатканы угулат.

Буга чейин Токтогазиевди төрт партия вице-премьерликке талапкер катары көрсөткөн. Өзү болсо коркутуулар болуп жатканын айткан.

Буга чейин аянтта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана Өмүрбек Бабановдун тарапташтары чогулушкан. Андан кийин Өкмөт үйүнүн алдында чогулуп турган Садыр Жапаровдун тарапташтары “Ала-Тоо” аянтына келип алышкан. Эки тараптын ортосунда кагылышуу болуп, ок да атылган эле. Андан кийин Жапаровдун тарапташтары Өкмөт үйүнө кайта баштаган. Ушул тапта алар митинг өткөрүп жатышат.

 

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика