Текебаевдин жоголгон телефону УКМКнын имаратына жакын жерде табылды

“Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жоголгон телефону УКМКнын имаратына жакын жерде табылды. Бул тууралуу жактоочу Канат Хасанов Фейсбук баракчасында жазып чыкты.

Текебаевдин телефону дайыма жайгашкан жерди аныктоо программасында болчу. Кол салуу учурунда Өмүрбек Текебаевдин колунан телефонун жулуп кеткен. Кол салуудан кийин ал кайсы жерде табылып жатканын караңыздарчы. Бул аймакта бир гана базалык станция бар. Суроо жаралат: Эмне үчүн телефон УКМКнын аймактык базасында?”, – деп жазып калтырган ал.

Бүгүн, 1-декабрда “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Көп өтпөй Текебаев телефонун кайтарып берүү боюнча кайрылуу жасады. Садыр Жапаров ИИМге Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча фактыны иликтеп чыгууну тапшырды.

error: Content is protected !!