Тажик тараптын аткылоосунан 15 жаштагы кыргызстандык кыз каза болду

Баткенде тажик тарап аткан снаряддын сыныгы тийип 15 жаштагы кыргызстандык кыз каза болду. Маалыматты өспүрүмдүн атасы Малик Маннанов тастыктады.
Маркум кыз Лейлек районундагы Достук айылынын “Достук” орто мектебинин 9-классынын окуучусу болгон. Айылдаштары менен чогуу Бешкент айыл өкмөтүндөгү Маргун айылын көздөй качып бараткан учурда ага снаряддын сыныгы тийген.
Соңку маалымат боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан 42 адам жарадар болду. Баткен облустук бириктирилген ооруканада 19, Лейлекте 18 бейтап бар. Жаракат алган дагы беш киши Бишкекке жөнөтүлдү.
Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!