Карантиндеги киши төртүнчү кабаттан секирип мерт болду

Ташкент шаарындагы «Саёхат» мейманканасында карантинге алынган 31 жаштагы киши 10-августта төртүнчү кабаттын терезесинен кулап мерт болду.

Өзбекстандын башкы прокуратурасы кабарлагандай, маркум 4-августта чартердик каттам менен Казань шаарынан Ташкентке учуп келип, карантинге алынган. 7 августта андан COVID-19га тест алышкан, анализи таза чыккан.

Маркумдун Сурхандарыя облусунда жашаган туугандары соңку мезгилде анын психикасында терс өзгөрүүлөрдү байкашканын айтышты. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Быйыл июнь айында Ташкент облусунун «Уртасарай» карантин борборунда 42 жаштагы киши өз өмүрүн кыйган. Ал шейшепти кондиционерге ороп, асынып алган.

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика