Табылды Акеров: “220 миллионду өкмөт таратып жибериптир дегенди окуп алып шок болуп калдым”

– Бул жолу бизге көп жардам болду көрүнөт. Эл аралык валюта фонду эле 240 млн. доллар жардам бөлдү. Аларды сарамжалдуу пайдалана алабызбы?

– Ооба, президент С. Жээнбеков таажытумоосу өлкөдө пайда болгон алгачкы күндөрүнөн тартып, өзүнүн конституциялык укугунан пайдаланып, өлкөнүн коопсуздугун эске алып, өз ишин активдештирди. Өкмөттүн жана атайы таажытумоосуна каршы түзүлгөн штабдын ишин  көбүрөөк контролго алды. Натыйжада, эл аралык фонду 240 млн, Европа инвестиция банкы 23 млн, Германия 30 млн доллар акчалай жардам берди. Баш аягы 450-500 млн доллар өлкөгө келүүсү күтүлүүдө. Эл аралык фонддун 220 млн доллары өлкөгө келип, өкмөт  тарабынан бөлүштүрүлүп бирилди. Менин пикиримде  бул таптаза туура эмес бөлүндү. Себеби, өлкө карантинге жабылганына бир эле ай болду да. Өлкөнүн өзүнүн запас акчалары болуш керек эле. Биздин айлыктарыбыз, посибиелер ошол акчалар менен жабылышы керек болчу. Бирок, өкмөттүн тараткан маалыматы боюнча, ал акчалардын баары ошол айлык-акыга, пособиелерге кеткен. Бул мамлекеттик казынада бир тыйын да акча болбогонун көрсөтүп жатат. Эгер андай болсо, карантин бир ай эмес, 2 же 3 ай созулса, эл ачкадан кырылып калышы мүмкүн экени байкалууда. Мисалы, коңшу Казакстанда ар бир жаранга 32 миң тенге берилиши каралган. Бизде болсо эч нерсе каралган жок. Тескерисинче, кээ бир мекемелерде айлыктар толугу менен берилбей, кармап алып жатышат дешүүдө.

Эгер мындан кийинки да акчалай жардамдар ушундай эле жол менен таралып кетсе, анда карыз алуунун кереги жок го деп ойлойм.

Мен ойлогом, өкмөт бардык кемтиктерди өзү жабат, ал эми сырттан келген акчаларга С. Жээнбеков жок эле дегенде ар бир областка бирден Германиянын үлгүсүндө заманбап оорукана, балдар үчүн оорукана ж.б. у. с. социалдык объектилерди куруп берет экен деп. 220 миллионду өкмөт алып, таратып жибериптир дегенди окуп алып шок болуп калдым. Өлкөнү бир ай кармап тура албаган өкмөттүн кимге кереги бар, мен түшүнбөйм. Эгер күзүндө таажытумоосу кайра келсе кантебиз деген ой түйшөлтүп жатат.  Мына, Саакашвили Украина президентинин алдындагы реформалар боюнча комитеттин төрагасы болду. Саакашвили өз маегинде “Мен Грузияга 150 Германиянын үлгүсүндөгү ооруканаларды салгам” деп айтты. Грузияга барып келген биздин граждандар да эң мыкты ооруканалар курулган экен деп айтып жатышат.

Ошондуктан, мен ойлойм, президент С. Жээнбеков кийинки келген акчалардын кайсы бир бөлүгүн областтарга ооруканаларды салууну контролго алышы керек. Өкмөт акчаны өзү тапсын. Өкмөт президент С. Жээнбековдун колтугуна жашынып, жылуу-жумшак олтурганды таштасын. Иштесин.

– ЖКда шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, партияга эле эмес, тизмедеги кандидатка да добуш берүүнү киргизүү каралып жатат. Бул канчалык туура?

– Мен колдой албайм. Баары эле ушул жолго өтсөк жыргап кетебиз деп жатышат. Мен тескери жагына көңүл бурдуруп кетейин. Илгери А. Акаевдии учурунда депутаттар  бир мандаттуу округдардан шайланып келишчү. Бири өтө көп, мисалы, 14 миңден жогорку добуш менен келишчү, бири  5 миңдей добуш менен. Анан депутаттар менин добушум көп, сенин кайсы добушуң бар эле деп, бири-бирин тыя албай уруша эле беришчү. Бүгүн Кыргызстанда 5-6 киши улуттук деңгээлде таанылган лидерлер болуп эсептелишет. Мисалы, С. Жээнбеков, Ө. Текебаев, Ф. Кулов, Р. Отунбаева, Ө. Бабанов,  А. Мадумаров ж.б. Булардын добушу өтө көп болушу мүмкүн. Фракциялардын ичинде айрымдардын добушу лидердин добушунан чоң болушу мүмкүн.  Анан добушу чоң депутаттар фракция лидерин укпайт да. Ага баш ийбей коёт. Фракция ичинде тартип бузулат, биримдигине доо кетет. Мындай болгондо  фракция жалпы саясий оюн жүргүзө албай калышы мүмкүн. Мисалы, өткөн парламентте канчалаган депутаттар фракция лидерлерин тааныбай, алар менен урушуп, фракциядан чыгып алган учурлар болду эле. Башкача айтканда, фракцияны ыдыратып коюшка  ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөр пайда болот. Бул мыйзам долбоору партиялардын өнүгүүсүнө карама-каршы келет. Эгер 150 миң добуш босого болсо, партия 600 миң добуш алса, анын 500 миңин улуттук деңгээлдеги лидер алса, анда эмне болот? Бул лидер аткаруу бийлиги менен иштеше алабы? Айтуу кыйын. Интрига көп болуп, лидерлерге кылмыш ишин козгоп, куугунтук кылуу көбөйүшү мүмкүн.

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика