Таажы илдети Ош шаарында суук түшкөндө күч алат

Таажы илдетине чалдыккандардын саны жагынан Ош шаары өлкөбүздө эң алдыңкы сапта баратат. Ошол себептүү Кыргызстандын Түштүк башкалаасынын бардык медициналык мекемелеринде дагыле тыным жок.

– Июль айынын башынан күн сайын жок дегенде 65-80 жаранды кабыл алып жаттык. А азыр таажы илдетине чалдыккандардын катары дээрлик эле сээлдеп калгансыды, – деп агынан жарылды Ош шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун №-8-Филиалынын Клиникалык жетекчиси Назгүл АБДРАИМОВА. – Бирок, бул дарт күн сууктаганда, тактап айтканда, тээ октябрь жана ноябрь айларында деле баары бир күч алат.

Сөз арасында Ош шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун №-8-Филиалынын Клиникалык жетекчиси Назгүл АБДРАИМОВА, биринчиден, жердештерине керек эмес аш-тойлорго жана сейилдөөлөргө таптакыр барбоону сунуш этти. Ошондой эле, экинчиден, милдеттүү түрдө такай  беткап кийинүү гана бекем эскертти. Үчүнчүдөн, үй шартында эле такай олтурууну аябай суранды. Анткени, бул – аман калуунун жападан жалгыз жолу.

Таажы илдети Ош шаарында суук түшкөндө күч алат

Ошентсе дагы, бейтаптардын бири Халмат Мамасалиев жердештерин медицина кызматкерлеринин маанилүү кеп-кеңештерин кыйшаюусуз аткарууга үндөдү: – Ак халатчандардын айткандарын кулак сыртынан гана кетирип, тоготпой жүрүп моминтип кутулбас балээге кабылып олтурабыз. Эгерде өмүр сакчыларынын көрсөтмөлөрүн так жана убагында аткарсак, таажы илдетинен эчак эле кутулмакпыз!

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Ош шаары

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика