Маалыматка ылайык, окуя 27-январь күнү катталган. Анда Октябрь айылдык ооруканасына денесинде көк ала тактары бар баланын сөөгүн алып келишкен. Наристе алган жаратынан улам көз жумгандыгы айтылды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, чарчап калган наристенин апасы өткөн жылы көз жумуп, атасы Орусияда иштеп жүргөн. Жаш баланы жеңеси багып жүргөн. 

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Денеге оор залал келтирүү” беренеси боюнча каттоого алынды. Учурда баланы караган жеңеси сурак берип жатат.