Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
24 C
Bishkek
22.08.2019
Башкы жаңылыктар Саясат

Солтон-Сары, Кызыл-Омполдогу ызы-чуулардагы провокациялардын ар биринде Атамбаевдин «изи» чыгууда 

Солтон-Сары, Кызыл-Омполдогу ызы-чуулардагы провокациялардын ар биринде Атамбаевдин «изи» чыгууда 
Кече Солтон-Сарыда жергиликтүү тургундар менен алтын кенин иштетип жаткан кытайлык фирманын ортосунда жаңжал болуп өттү. Бул алтын кени кытайлык Jhong ji Mining фирмасына иштетүүгө жана чалгындоого 2012-жылы лицензия берилген экен. Эми ушул кендин айланасындагы жаңжал жалпы коомчулуктун көңүлүн дагы бир жолу бурду. Баарынан кызыгы, мурдагы президент А. Атамбаев бул жаңжалды өзүнүн пайдасына пайдаланып кетүү аракетин жасоодо. Мунусу албетте өнөкөткө айланган аракети экени белгилүү.
Эгерде эске сала турган болсок, ушундай эле окуя Кызыл-Омпол уран кенинин айланасында да болгон. Анда да жергиликтүү тургундар уран кенинин иштешине каршы чыгышкан, андан кийин жалпы мамлекеттин жашоочулары каршы чыккан. Ошондо да Атамбаев жана анын КСДПдагы адамдары жергиликтүү калктын аракетин колдой тургандыктарын өтө шашылыш билдирип чыгышкан. Анан дагы алар ушул уран кенинин айланасындагы ызы-чууга учурдагы бийликти күнөөлөп чыгышкан болчу. Бирок, коомчулук Атамбаевдин колдоосунун кереги жок экенин дароо эле билдиришкен, «мындан саясат жасабагыла» деген ишааратты жасашкан. Алтургай Жогорку Кеңештин имаратынын алдына катардагы жарандар келип чогулганда, ал жакка Атамбаевдин Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова өңдүү адамдары да шашылып барышкан. Ошондо да карапайым адамдар Равшан Жээнбековду уран кенин иштетпөө үчүн эмес, жөн гана саясий кызыкчылык үчүн келгенсиң дешип кубалып жиберишкен.
Эң кызыгы ошол жаңжалдан кийин билинген, Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири, өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу Мамлекеттик комитетинин башчысы болгон Дүйшөнбек Зилалиев кен чыгуучу жайларга лицензияны карта тараткандай эле таратып берип салган экен. Тактап айтсак, эгемендик алган жылдардан бери жалпы канча лицензия берилсе, ошонун үчтөн эки бөлүгү Атамбаевдин убагында Зилалиевдин колу менен берилиптир.
Ошентип Зилалиев камакка алынгандан кийин да аны актаганга аракет кылышты. Бирок, факты деген факты, Атамбаевдин доорунда Зилалиев карьералык жактан өтө тездик менен өскөн жана ал лицензияларды өтө көп берген, муну эч ким жаап-жашыра албайт.
Атамбаевдин командасы чек арадагы жаңжалдарды да өздөрүнүн пайдасына иштетип калгылары келет. 13-мартта чек арада жаңжал чыкканда КСДПнын өкүлдөрү өтө шашылыш билдирүү таратышкан. Анда адаттагысындай эле бардык чечилбеген маселелерди жаңы бийликке жармаштырышкан. 23-июлда да чек арадагы жаңжал боюнча Атамбаев кезектеги калпын учурду. «Мен президент болуп турганда Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөр аягына чыгып калган. Чек араларды чоң жылыштар болгон», – деди ал ошондо.
Москвага учуп кетердин алдында да «Менин убагымда чек ара жаңжалы таптакыр болчу эмес» деп элди таң калтырды. Бирок, ММКлар ошол замат эле Атамбаевдин убагында чек араларда 118 жаңжал болгонун, ал эми жаңы бийликтин учурундагы 1,5 жылда болгону 13 жаңжал болгонун эсептеп чыгышты.
Мындан сырткары, 13-мартта жана 23-июлда чек арадагы жаңжал Атамбаев мамлекеттен сырткары учуп кетер алдында болгонун эске алуу керек. Муну байкоосу күчтүү адамдар «Атамбаев өзүнүн өлкөдөн чыгып кетип жатканынан коомчулуктун көңүлүн буруш үчүн чек ара жаңжалын жасады» деп шектеништи.
Мына ушунун баарына карап отуруп, Атамбаев белгилүү бир мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар өтөөрдүн алдында түрдүү жаңжалдар менен атайылап провокация уюштура берет окшойт деген ой келет. Мисалы, ШКУнун алдында Атамбаев элди Ак үйдүн алдына митингге чыгууга үндөгөн. Бирок жыйынтыгында Форум менен чектелген. Ошондой эле кырдаал азыр да болуп атат, Ысык-Көлдө ЕАЭСтин отуруму өтөрдүн алдында, ал эми Атамбаевдин өзү Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча көрсөтмө берүүгө ИИМ күтүп жаткан чакта Солтон-Сарыдагы жаңжалды уюштуруп жаткандай.
Андыктан мына ушундай жаңжалдар аркылуу Атамбаев кайрадан бийликке келгиси келип жатканын түшүнүү керек. Мындай көрүнүшкө укук коргоо органдары көңүлкош мамиле кылбастан, жаңжалдар болуп өткөндөн кийин териштирбей, аны алдын-алуу аракеттерин көоүшү зарыл. Анда кимдердин кызыкчылыгы бар, кимдер уюштуруп жатат деген суроолорго жооп табуу керек.
Булак: Инсайде Кыргызстан

Окшош жаңылыктар

Атамбаев өлкөдөн чыгып кеткенге эки көзү төрт, бирок аэропортко жетиш тозок болуп турат.

Adminring

Алмазбек Атамбаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине алып келди

Adminring

Президент Сооронбай Жээнбеков сот кызматкерлерин кызматка дайындады

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика