Соңку бир сутка ичинде коронавирус 15 адамдан табылды

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 15 адам жаңы катталды.

Алардын ичинен Бишкекте үч, Чүй облусунда бир, Ош облусунда бир, Жалал-Абад облусунда бир адам, ошондой эле Санкт-Петербург шаарынан келген тогуз курсант илдет жуктуруп алганы аныкталды. Ушуну менен 16-майга карата Кыргызстанда жалпы коронавирус илдетин жуктурган 1365 учур катталды.

23-майда маалымат берген саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтуусунда, 23-майга карата аныкталган 15 адамдын ону сырттан жуктуруп келген.

Акыркы суткада сегиз адам оорудан айыкты.
Жалпысынан оору алгач катталган 18-марттан берки убакта коронавирус жуктуруп алган 957 адам сакайып чыкты.

14 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алгандан кийин каза тапты.

Акыркы суткада медицина кызматкерлеринен вирус аныкталган жок. Жалпысынан ооруга чалдыккан 273 медицина кызматкердин 226сы айыгып, ишине кайтты.

Ушул тапта 394 адам стационарда жатат. Он бир адам оор абалда. Төрт киши жандандыруу бөлүмүндө жатат.

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика