5 C
Bishkek
25.02.2020
Экономика

“СИЕМЕНС” КИМ? “ТВЕА” КИМ?

“СИЕМЕНС” КИМ? “ТВЕА” КИМ?

Кытайдын “ТВЕА” компаниясы Бишкек ЖЭБин модернизациялаган. Модернизациялоого 386 млн доллар насыя жумшалып, 300МВт кубаттуулук кошулду деп кабарланган. Кытай насыясын 480 млн доллар кылып төлөп берүүгө милдеттүүбүз. Демек, иш жүзүндө Бишкек ЖЭБине 300 МВт кубаттуулукту кошуу 480 млн долларга турду.

Германиянын атактуу “Сиеменс” компаниясы Татарстанда электрстанция куруу боюнча контрактыга 2-октябрда кол коюптур. 250МВт кубаттуулуктагы электрстанциясын курууга немис компаниясы 290 млн евро жумшайт экен.

Технология жагынан анык дүйнөлүк лидер болгон “Сиеменс” бул электрстанция үчүн генератору менен SGT5–2000E газ турбинасын жана генератору менен SST‑600 буу турбинасын жасап чыгарат. Курулуш 2023-жылы аяктап, обьект пайдаланууга берилет.

Бул жерде эми насыя да жок, жаңжал да жок, коррупция да болбойт. Немис компаниясы өзү курат. Пайдаланууга берет. Акчасын алып кете берет.

Ушундай масала… Салыштырып көрө бериңиз.

Окшош жаңылыктар

Төрөбаев: Жаңы жылдан тартып 166 товардын бажы төлөмү кымбаттайт

Adminring

Жакыр үй-бүлөлөргө 100 миң сомго чейин жардам берүү сунушталууда.

Adminring

Кыргызстан отстоял заявленные позиции по повышению рейтингов по 16 рекомендациям ФАТФ, – Финразведка

Adminring
Яндекс.Метрика