Штаб: “Түнү Бишкекте асманга ок атылып, тартипке баш ийбеген 146 адам кармалды”

Бүгүн, 27-мартта Өкмөт үйүндө ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйын берүүдө. Ал өзгөчө абал режими киргизилгенден бери Бишкек шаарынын коменданты.

Анда ал өлкөдөгү коомдук коопсуздук абал тынч экенин айтты.

Өзгөчө абал киргизилген аймактардын ичинде ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 241 жаран жеткирилип, 12 унаа токтотулду. Алардын ичинен:

  • Бишкек шаары боюнча – 146:
  • Ош шаары боюнча – 22:
  • Жалал-Абад шаары – 24:
  • Сузак району боюнча – 29:
  • Кара-Суу районунда – 20:
  • Ал эми Ноокат району боюнча кармалгандар болгон жок.

Кармалган жарандардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип коё берилди.

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика