Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
-1 C
Bishkek
14.12.2019
Маданият

Ширин Айтматова музейге жылаңач кыздарды эмнеге алып келди эле?

Ширин Айтматова музейге жылаңач кыздарды эмнеге алып келди эле?

Өткөн аптада кыргыз элинин байыртадан келаткан каада-салтын, наркын бузган, ар-намыс, абийирибизге шек келтирген окуя борбор калаадагы Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде болуп өттү. Тактап айтсак, мына ушул музейде батыштын жосунсуз жоруктарын кайталаган жылаңач кыздардын көрсөтмөсү болду. Анан дагы алар кыздардын ич кийимин илип коюшуп, ага «боюмдан алдырамбы, өз ишим» деп жазышты.
Муну коомчулук ашынган акмакчылык катары кабыл алышты. Нааразычылыктар көбөйүүдө. Көрсө, муну залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун кызы, экс-депутат Ширин Айтматова уюштурган экен. Мындай аракеттери менен ал атасынын элесине көө сүртүп жатканын түшүнүп жатат болду бекен? Же ал залкар жазуучунун чыгармасындагы маңкуртка айланып калганбы дегендер да жок эмес.
Негизи эле акыркы убактарда батыштын уят-сыйытты жыйыштырган жосунсуз жоруктарын бизге таңуулагандар пайда болду. Эске сала кетсек жаз мезгилинде, тактап айтсак 8-мартта борбор калаабызда Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова өңдүү «грант жегич» бейөкмөтчүлөр гей-парад уюштурушкан. Алар мындай аракеттери менен ачык эле бир жыныстагы карым-катышты жайылтууну каалашкан. Эми аларга Ширин Айтматова кошулуп алганы эмнеси? Мындай көрүнүштөргө эмитеден катуу каршылык көрсөтүп чыкпасак, анда алар акырындык менен аракеттерин дагы да күчөтө берүүлөрү мүмкүн.

Окшош жаңылыктар

Ош шаары Түрк дүйнөсүнө даңазаланды

Adminring

Сооронбай Жээнбеков «Комуз күнү жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Adminring

Самара эки элдин көпүрөсү болду

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика