Шашылыш билдирүү. Абанын температурасы төмөндөйт

22-23-октябрда аба-ырайы кескин өзгөрөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

22-23-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөп:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2°, күндүз 1…6° жылуу,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2…+3°, күндүз 4…9° жылуу,

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 1…6° жылуу,

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз 0…5° жылуу,

-тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

error: Content is protected !!