Samsung коронавирус жуккан кызматкерден улам Түштүк Кореядагы заводун жапты

 Samsung Electronics компаниясы Түштүк Кореядагы смартфон чыгарган заводунда иштеген кыздан коронавирус аныкталгандыктан заводун убактылуу жапкандыгын CNN кабарлады.

Маалыматта COVID-2019 вирусун Куми шаарындагы Samsung Electronics заводунда иштеген 28 жаштагы кыздын жуктуруп алганы кабарланган. Ал смартфон чыгарган өндүрүштө иштеген. Божомолдорго караганда, инфекция кызга жигитинен 6 жана 9-февралда “Синчхончжи” сектасынын чиркөөсүнө барганда жуккан.

Кыз менен чогуу иштеген кесиптештери — ишкананын бардык кызматкерлери коронавирустун бар-жогун билүү үчүн тест тапшырып, текшерүүдөн өтүп, андан соң карантинге алынган.

Куми шаары учурда Түштүк Кореяга тарап жаткан коронавирустун очогуна айланган Тэгу аймагынан алыс эмес жерде жайгашкан. Акыркы учурда вирустун жайылышы боюнча Түштүк Корея Кытайдан кийинки эле мамлекет болууда.Соңку маалыматтарга караганда, аталган өлкөдө инфекцияны 763 киши жуктуруп алып, жетөө көз жумган. Алардын көбү “Синчхонджи” диний сектасынын мүчөлөрү экени айтылууда. Жергиликтүү эл коронавирустун очогу болгон сектаны жабууну талап кылып жатат.

Ал эми дүйнө боюнча 2 610 киши өлүп, 25 миң адам айыгып кеткен.

 

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика