14 C
Bishkek
25.02.2020
Кырсык

Сүлүктүдө шахтада ууланып төрт киши каза болду

Сүлүктүдө шахтада ууланып төрт киши каза болду

Баткендин Сүлүктү шаарындагы шахтада газга ууланып төрт киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Андан алынга маалыматка ылайык, окуя 10-декабрда саат бештер чамасында Сүлүктүдөгү «Ормон» аттуу көмүр казган шахтада болгон.
Маркумдардын сөөгү жакындарына өткөрүп берилди. Учурда тиешелүү текшерүү жүрүп жатат.
Кыргызстанда шахталарда адам өмүрүн алган кырсыктар утур-утур болуп турат. Буга чейин октябрь айында Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарында өз алдынча көмүр казып жаткан алты адам газга ууланып каза болгон.
Кырсыктан соң өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев атайын жыйын өткөрүп, шахталардагы коопсуздук эрежелерине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырган. (BkA)

Окшош жаңылыктар

Ленин чокусунда жоголгон туристтин сөөгү табылды

Adminring

Аппарат башчынын жубайынын сөөгү табылды

Adminring

Майлуу-Сууда 22 жаштагы аскер асынып алды

Adminring
Яндекс.Метрика