Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
16 C
Bishkek
24.09.2019
Коом

С.Абдрахманов: “Бакиевдик бийлик келгенде ал жерди мыйзамсыз эле тартып алышып, кытайлык компанияга берип салышкан”

С.Абдрахманов: "Бакиевдик бийлик келгенде ал жерди мыйзамсыз эле тартып алышып, кытайлык компанияга берип салышкан"

 Канча күндөн бери чуусу токтомок турсун саат санап күчөп жаткан Солтон-Сары алтын кениндеги жагдай тууралуу учкай маалымат.

Тээ эсил кайран СССР кезинде Нарын районуна караштуу Солтон-Сары жайлоосунун түштүк жагында, Капка-Таш тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 3300–3650 м бийиктикте 1940-ж. алтын кени табылып, 1950–68-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. 1995–96-ж. кенде казып алуу иштери жүргүзүлгөн. 1997-ж. кен консервацияланып, казып алуу иши токтотулган. Кен аймагы карбон-пермдин сиенит–порфир, ортофир дайкалары менен жирелген кембрийдин акиташ, сланец жана ордовиктин чөкмө жанартоо катмарларынан түзүлгөн. Руда кеңдикке жакын жана түндүк-батыш багыттагы тектоникалык жаракалардын кесилишинде топтолуп, ордовиктин туфоген катмарларындагы сиенит-порфир дайкасында жайгашкан. Рудалануу тарам жана майда штокверк тибине, алтын-сульфид-кварц формациясына кирет. Негизги руда минералдары: пирит, түссүз руда, халькопирит, сфалерит, галенит, нукура алтын, электрум, арсенопирит. Рудадагы алтындын орточо өлчөмү 6,0 г/т. Руданын запасы 1049 миң т, алтындыкы – 6,2

91 т.түзгөн

2014-жылы Нарын районунун  Кичи Кара-Кужур өрөөнүндөгү Солтон-Сары алтын кен аймактары талашка түшүп жаткандыгы Нарын шаарында болуп өткөн «коомдук угуу» жыйынында белгилүү болгон. Ошол убакта өрөөндөгү Бучук аталышындагы коктуга «Кыргызалтын» ААКсы кайрадан ээлик кылуу тууралуу сөз болгон.

«Учурунда «Кыргызалтын» ААКсы Бучук коктусунан алтын кенди чалгындоо үчүн миллиондогон каражат короткон. Бирок, Бакиевдик бийлик келгенде ал жерди мыйзамсыз эле тартып алышып, кытайлык компанияга берип салышкан. Эми биз өкмөттөн мыйзамдуу лицензияны бизге кайтарууну сурап жатабыз», – деп билдирген «Кыргызалтын» ААКнын төрагасынын орун басары Сагынбек Абдыракманов.

Солтон-Сарыда Алтын-Төр , Бучук жана Ак-Таш коктуларында жалпысы болжолдуу түрдө 40 тонна алтын бар экендигин С.Абдыракманов белгиледи. Бучук коктусу райондогу Миң-Булак, ал эми эки кокту Эмгекчил айыл аймагына караштуу болуп саналат экен.

Эске сала кетсек, Солтон-Сары алтын кени «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун филиалдарынын бири. Кен Нарын облусунда Капка-Таш тоо кыркасында жайгашкан.

«Жоржи Майнинг» компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган. Анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курууну пландап жатат.

Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылып келет. Бул чет элдик компанияда 160 айыл тургуну иштеп жатат.

Солтон-Сары кенин иштетип жаткан кытайлык компанияга нааразылык өткөн айда социалдык тармактарда «Солтон-Сарыда кой-эчки массалык түрдө кырылып жатканы» тартылган видеолор тарагандан кийин күчөгөн. Бирок бул ишти иликтеп чыккан мамлекеттик мекемелер өлгөн малдан уулануунун эч кандай белгиси аныкталбаганын билдирген. Өлгөн койлордон ичеги курт жана пастрилес ылаңы чыккан. Бул тууралуу ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов 25-июлда Солтон-Сарыда бийлик өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундардын жолугушуусунда айткан.

5-августта Нарындын Солтон-Сары кениндеги кытайлык компания менен жергиликтүү элдин ортосунда чыккан чатактан отуздан ашык киши жаракат алды.

Учурда милиция кызматкерлери чатакташкандарды тынчтандырып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кен чыккан жерден кете элек. Эл да тарабай турат. Нарындан окуя болгон жерге “Тез жардам” кызматы барган. Азырынча Солтон-Сары кениндеги чатак тууралуу расмий органдар маалымат тарата элек.

Жыйналган эл кытайлык компаниянын жумушчуларынын чыгып кетишин талап кылып жатышат.

Буга чейин Солтон-Сарыда кен иштеткен компаниянын өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы акыркы жаңжал 3-августта катталган. Чатактан Оттук айылынын беш  тургуну жабыркап, ушул тапта Нарын облустук ооруканасында жатат. Ал эми кытайлык компаниянын 12 өкүлү Нарын райондук ички иштер бөлүмүндө сурак берүүдө.

 

Окуя болгон жерде Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жүрөт. Туруктуулукту жана коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн чаралар көрүлүүдө.

Маалыматка караганда, кечээ 500го жакын киши чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык «Жоржи Майнинг» компаниясына барышкан. Алар аталган компаниянын ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылышууда. Мындан сырткары жергиликтүү эл малдын кырылып жатканын айтып, буга кен комбинатынын куруу иштери себеп болушу толук ыктымал экенин кошумчалашты.

Эске салсак, кечээ Солтон-Сары кенинде жергиликтүү тургундар менен кытайлык жумушчулар арасында жаңжал чыккан. Ортодо пикир келишпестиктер жаралып, бири-бирине таш ыргытышкан. Кесепетинен жетимиштен ашуун киши жараткат алганы кабарланууда.

 

 

“Ring.kg”

Окшош жаңылыктар

Шамбесай алтын кенин ачууга бийлик жашыруун күч операциясын даярдап койгонбу?

Adminring

Өзгөрбөгөн сотторду эмне күтөт?

Adminring

Жарандарды кызыктырган суроо-талаптарга жооп берүүчү Call-борбор ишке кирди

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика