Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
24.1 C
Bishkek
22.08.2019
Дүйнөлүк жаңылыктар

Россиядан келген альпинист Жеңиш чокусунан кулап каза болду

Россиядан келген альпинист Жеңиш чокусунан кулап каза болду

Россиядан келген альпинист Сергей Войличенко Кыргызстандагы Жеңиш чокусунан каза тапканын “Новости Иркутской области” агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кырсык 13-август күнү Тянь-Шандын эң бийик жеринде болгон. Россиялык жаран новосибирскилик санаалаштары менен чокуга чыгып бара жаткан.

“Сергей тоодон түшүп келе жатып ылдыйды көздөй учуп кеткен. Окуя болгон жерде издөө иштери жүрүп жатат. Иш-чарага новосибирскилик альпинисттер да катышууда”, — дешти Жеңиш чокусуна чыгууну уюштуруп келген “Аксай-Тревел” фирмасынан.

Войличенко Иркутскидеги альпинизм секциясын жетектеп келген. Каргашага чейин 7000 метр бийиктиктеги Хан-Теңир чокусун багынткан.

                                                                                                                        Б.Тынчтыкбекова       “Ring.kg”

Окшош жаңылыктар

Даниянын эң бай адамы Шри-Ланкадагы теракттан 3 баласынан айрылды

Adminring

Европага бара жаткан мигранттар дайынсыз болууда

Adminring

Германия: Абада учкан такси сыноодон өттү

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика