Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
16 C
Bishkek
24.09.2019
Башкы жаңылыктар Саясат

Равшан Жээнбеков, саясатчы: “Атамбаев өзүн-өзү үй камагына камап койгон болчу”

Равшан Жээнбеков, саясатчы: “Атамбаев өзүн-өзү үй камагына камап койгон болчу”

– Равшан мырза, биринчи маекте 7-август күндөгү окуя кандай болгонун айтып бердиңиз эле. Атамбаев багынып берген 8-август күнү анын жанында болгонсузбу?

– “Азаттык” радиосу 8-август күнү саат тогуздагы эфирине чакырган. Ошол убакта барсам, “Саат 12де келиңиз” дешти. Бекер тургуча деп Кой-Ташка барсам, 500-1000дей киши бар экен. Фарид Ниязов менен Кундузга жолугуп, кечээ убада бербедик беле, колубуздан келсе атайын кызматтын балдарын бошотолу десем, Фарид Ниязов менен Кундуз“Бошотуп берели деп атабыз, кандай кылып өткөрүп беришти чече албай, өздөрү келеби же жеткирип беребизби, сүйлөшүп жатабыз” дешти. Балдарды тезирээк бошотуп бериш керек, аларды кармаган жакшы эмес дегем. Ал жерден кайра “Азаттыкка” келе бергем. Саат 12де “Эксперттер талдайт” берүүсүндө Ф. Кулов, Т. Сариев, А. Абдурасулова болуп сүйлөдүк. Бул мен көргөн окуя. Менин ролум Кой-Ташка барган атайын кызматтын балдарын сактап калууда, абалды курчутпай, сүйлөшүү жүргүзүп сактап калууда болду деп ойлойм.

– Ошол күндөрү Атамбаевдин үйүндө болуп, тергөөгө күбө катары чакырылып жаткандарды кээ бирөөлөр куугунтук деп баалоодо. Күбө катары чакырууну куугунтук деп саноо аша чапкандык эмеспи?

– Куугунтук деп иштин жыйынтыгы менен айтышыбыз керек. Эгерде атайын кызматтын балдарын сактоого салым кошкон, сүйлөшүү жүргүзүп милиция менен айылдардан чогулган жигиттердин кагылышуусуна жол бербеген адамдарга басым болуп, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу аракети болсо куугунтук болуп калат. Азыркыдай тергөө иштерине чакырып сурап жатса, эч кандай куугунтук эмес. Бул нормалдуу тергөө иши болуп эсептелет. Болгону бийлик, укук коргоо органдары баарын тегиз кылыч менен чапкылай бербеш керек. Адилеттүү, мыйзамдуу тергөө иши жүрүп, баары такташылы зарыл.

– Атамбаев эмне үчүн тергөөгө баруудан баш тартты?

– Бийлик дайыма саясий, юридикалык тобокелчиликтерди эске алышы керек. Атайын кызмат Атамбаевдин үйүнө курал менен баруу менен саясий тобокелчиликке аягына чейин баа бере алган эмес. Атамбаев өзү дагы “Конституциялык палата меники туура эмес дей турган болсо, мен ошону мойнума алам” деп айтып жатты. Мен дагы бул сөздү Атамбаевдин оозунан көп уктум. Конституциялык палата тез арада чогулуп, чечим кабыл алсак болмок беле? Менин оюмча болмок. Ошол чечим чыккыча күтүп туруу менен кыйын абал жаралмак эмес. Атамбаев өзүн-өзү үй камагына камап койгон болчу.

Маектешкен Темирлан Токтоболотов

“Ring.kg”

Окшош жаңылыктар

Атамбаев камерада жалгыз отуруп, зеригип атат

Adminring

Алексей Елисеев, ЦАРИИнын мурдагы орун басары: “Кытайдын мамлекеттик электр станциялар компаниясы Бишкек ЖЭБине 150 миллион доллар сунуштаган”

Adminring

Атамбаевдин иши боюнча Түлеев суракка чакырылды.

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика