Ошто мектеп окуучусу бычак жеп мерт болду

30-майда Оштогу “Кыргызстандын 40 жылдыгы” мектебинин окуучусу бычак жеп каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады. Маркум аталган мектептин 8-классынын окуучусу Акматов Самат деген бала болгон.  Ал эми аны бычактаганга шектүү катары  9-классынын окуучусу Д. у. Н кармалды.

Тергөөнүн алгачкы маалыматтары боюнча, окуя бүгүн, мектептен алыс эмес жерде жайгашкан дүкөндүн алдында болгон. Анда балдар кайым айтыша кетишип, кылмышкер маркумду учтуу нерсе менен сайып жиберген. Жыйынтыгында жаракат алган окуучу  облустук балдар ооруканасынан жан берген.

Арууке Амирдинова

“Ring.kg”

error: Content is protected !!