Ошто изделип жаткан мугалимдин жансыз денеси каналдан табылды

Ош шаарында изделип жаткан Эркайым Шадыеванын жансыз денеси Ош—Араван каналынан табылды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

47 жаштагы Э.Шадыеванын денеси бүгүн, 4-июнда табылган. Маалыматты маркумдун жолдошу тастыктады.

Э.Шадыеванын кесиптештеринин айтымында, маркум 2019-жылдын декабрь айынан бери башы ооруп, жумушка көп барбай, жакшы да баса албай жүргөн. Маркумдун артында жолдошу жана 3 баласы калды.

Ал эми Ош ШИИБдин маалыматына караганда, Э.Шадыеванын туугандары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышты. Маркумдун сөөгү түшкү саат 12:30 чамасында табылган. Учурда туугандары суралып жатат.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Э.Шадыеванын сөөгүн Туран кичи районундагы Ош—Араван каналынан издөө үчүн Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.

Буга чейин маркумдун жолдошу Бактыбек Аматов Turmush басылмасына жубайы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Анын айтымында, жубайы кечээ, 3-июнь күнү болжол менен таңкы саат 8:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен.

«Жубайым экөөбүз 23 жыл чогуу жашадык. Ортобузда 2 уул, 1 кызыбыз бар. Кичүү балам 6 жашта. Ошол түнү доктурга барып, анализ тапшырабыз деп кеңешип алып уктаганбыз. Себеби жубайым уйкусуздук менен жабыркап жүргөн. Эч кандай уруш-талаш болгон эмес. Балам түнкү саат үчтөрдө ордунда жатканын көргөн экен. Эртең менен турсак эле жок. Телефонун да таштап, үйдөгү кийими менен эле чыгып кетиптир.

Өзү 2016-жылы Ош шаарында өткөн “Жыл мугалими” сынагын жеңген. 2019-жылдан бери университеттин тарых факультетинде сабак өтүп жүргөн», – деген Бактыбек Аматов.

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика