Ошто 22 жаштагы келиндин сөөгү табылды. Милициянын толук маалыматы

Ош облусунун Кара-Суу районунун Ынтымак айылында 22 жаштагы келиндин жансыз денеси табылды. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, маркумдун сөөгү 20-апрелде эгин талаасынан аныкталган.

Бул факты боюнча алдын ала текшерүүдө каза болгон жаран Алай районунун тургуну, 2000-жылы туулган М. кызы А. экендиги аныкталды.

“Маркумдун жакындарынын айтымында, ал 14-апрелде жолдошунун үйүнөн ата-энесинин үйүнө барган. Ал төркүнүнө эч кандай көйгөйлөрүн айткан эмес. Денесинде эч кандай жаракаттар болгон эмес жана ошол эле күнү дайынсыз болуп жоголгон. Анын дайынсыз жоголгондугун жакын туугандары эч кимге айтып, арыз менен кайрылган эмес.

Учурда маркумдун эмне себептен каза болгондугун тактоо үчүн тийиштүү экспертизалар дайындалып, ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат”, – дешти маалымат кызматынан.

error: Content is protected !!