Ош шаарында жол чырактын жанындагы унаа кырсыктан 3 адам жабыркады

10-октябрь күнү саат 19:30 чамасында Ош шаарындагы унаа кырсыктан 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан Алай мечитинин жанындагы жол чырактын астында болгон. Кара-Суу районунун Питомник айылынын 2000-жылы туулган А.Э. аттуу тургуну «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унааны батыштан чыгышка көздөй башкарып бара жатканда Ноокат районунун Көк-Бел айылынын 1989-жылы туулган А. уулу Т. өзүнүн башкаруусундагы «ВАЗ 2107» үлгүсүндөгү унаа менен түндүктөн түштүккө карай башкарып бара жатып кагышып кетишкен. Натыйжада «Дэу Нексия» унаасында жүргүнчү катары бара жаткан Б.Ч. жана «ВАЗ 2107» унаасынын жүргүнчүсү А. кызы Т., жана апасы М.Ж. алган жаракатынан улам ооруканага жеткирилген.

Мындан сырткары ошол эле күнү В.Ленин көчөсү менен А.Навои көчөсүнүн кесилишинде Ош шаарынын тургуну М. кызы К.ны белгисиз автоунаа койдуруп, качып кеткен. Учурда жабырлануучу ооруканада жатат.

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика