Орусиянын Ульяновск облусунда автобусту сүзгөн оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу көз жумду. Бул тууралуу аталган облустук милициянын маалыматына таянып жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Кечээ, 21-август күнү Ульяновск облусунда жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14ү кыргыз жараны. Мындан тышкары дагы 3 кыргыз жараны – эки эркек, бир аял киши ооруканга түшкөн.
Өлкө башчы Садыр Жапаров ТИМге, ӨКМге, “Манас” эл аралык аэропортуна каргашалуу жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырган.