Орусияда коронавирустан сутка ичинде 244 бейтап каза болду

Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 13 миң 868 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 244 адам каза болсо, 7 миң 550 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында – 4618 (айыккандар 1750);

Санкт-Петербург – 557 (айыккандар 278);

Москва облусу – 420 (айыккандар 236);

Ростов облусунда – 277 (айыккандар 199) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 326 миң 178 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 22 миң 966 адам каза болсо, 1 миллион 31 миң 785 бейтап айыгып чыкты.

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика