Маалыматка ылайык, кырсык кечээ 22-январь күнү кечки саат 20:00 чамасында болгон. Анда кыргыз номерлүү “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып, камаз менен кагышып кеткен. Дал ошол учурда туруксуз аба ырайы катталып, жол жакшы көрүнгөн эмес.

Окуя болгон жерден жеңил унаадагы 5 адам мерт кетип, камаздын айдоочусу аман калган.

Азырынча алардын өздүгү такталууда.