14 C
Bishkek
25.02.2020
Дүйнөлүк жаңылыктар

Орусия: Конституцияны өзгөртүү боюнча жумушчу топ түзүлдү

Орусия: Конституцияны өзгөртүү боюнча жумушчу топ түзүлдү
Орусиянын президенти Владимир Путин 15-январда өлкөнүн Баш мыйзамына өзгөртүү киргизип, алымчалап-кошумчалаш үчүн жоон топ адамдан куралган жумушчу топ түзүү тууралуу буйрук чыгарды. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайты кабарлады.

Путин 15-январда Федерация Кеңешинде кезектеги кайрылуу менен чыгып, Конституцияны өзгөртүп, президенттин айрым ыйгарым укуктарына парламентке берилиши керек экенин айткан.

Мындан көп өтпөй эле премьер-министр Дмитрий Медведев өкмөт кызматтан кетерин жарыялаган жана муну президентке керектүү чечимдерди кабыл алууга толук мүмкүнчүлүк түзүп берүү максаты менен түшүндүргөн.

Путин Медведевге Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басарлыгын сунуш кылган, ал эми премьер-министрликке Федералдык салык кызматынын төрагасы Михаил Мишустиндин талапкерлигин көрсөткөн.

Окшош жаңылыктар

Дмитрий Медведев Чолпон-Атага келет

Adminring

Митинг уюштуруучуларды кармап кетти

Adminring

Казакстандын эки шаарында Интернет иштебей калды

Adminring
Яндекс.Метрика