5 C
Bishkek
25.02.2020
Дүйнөлүк жаңылыктар

Орусия Кантка аба соккусунан коргогон техника орнотууну көздөп жатат

Орусия Кантка аба соккусунан коргогон техника орнотууну көздөп жатат
Орусия Кыргызстандын Кант шаарындагы авиабазасына аба соккуларынан коргой турган техника орнотууну көздөп жатат.

«РИА Новости» кабарлагандай, бул тууралуу Орусиянын коргоо министринин орун басары Николай Панков Канттагы базанын макамы жана анын жайгашуу шарттары боюнча протоколду ратификациялоо боюнча Мамлекеттик Думанын жыйынында билдирди.

Президент Владимир Путиндин 2019-жылы Кыргызстанда өткөн мамлекеттик сапарынын алкагында Орусиянын бирдиктүү аскер базасы боюнча келишим жаңыртылган.

Протоколго ылайык, базанын аянтын кеңейтүү жана учкучсуз аппараттарды колдонуу эрежелерине өзгөртүү киргизилген.

Орус тарап бирдиктүү базадагы жерди колдонуш үчүн Кыргызстанга жылына 4 миллион 794 миң доллар төлөмөй болгон. Мурда бул сумма 4,5 миллион доллардын тегерегин түзчү.

​Кыргызстанда Орусиянын төрт аскер объектиси жайгашкан. Алардын эң ириси – Канттагы авиабаза. (SE)

Окшош жаңылыктар

Лукашенко Бакиевди туулган күнү менен куттуктаганы үчүн кыргыз бийлиги Белоруссияга нота тапшырды

Adminring

Калифорниядагы жер титирөөдөн улам космостон байкалуучу жарака пайда болду

Adminring

Орусия: Конституцияны өзгөртүү боюнча жумушчу топ түзүлдү

Adminring
Яндекс.Метрика