Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
-1 C
Bishkek
14.12.2019
Дүйнөлүк жаңылыктар Кылмыш

Орус полициясы кыргыз жигитин атып салган

Орус полициясы кыргыз жигитин атып салган

Орусиянын Екатеринбург шаарында 24-ноябрь күнү эртең менен бир киши ок тийип каза болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 24-ноябрь күнү эртең менен саат 06:00 чамасында Екатеринбургдун Верх-Исет районунда 1991-жылы туулган жигит мыйзамсыз баңгизатты сактап жүргөндүгү үчүн патрулдук полициядан качууга аракет кылган.

Полиция кызматкери анын артынан кууп жетип Опалихинск көчөсүнөн кармаган. Аны кармоо операциясында шектүү полиция кызматкерине каршылык көрсөтүп, тапанчасын алууга аракет жасаган. Полиция кызматкери мыйзамга ылайык биринчи эскертүү кылып абага ок чыгарган. Бирок шектүү каршылык көрсөтүүнү токтотпой, тапанчаны жулуп алууну көздөгөн. Ошондон улам кызматкер экинчи ок чыгарганда шектүү ошол жерден көз жумган. Окуянын жагдайын териштирүү үчүн жергиликтүү полициянын тергөө тобу келген. Каза болгон жигитке мыйзамсыз баңгизатты сактаган фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Полиция кызматкери оң колунан жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ошондой эле кызматкер куралды мыйзамдуу түрдө колдонгон деп билдиришкен.

Маалыматтарга караганда, каза болгон 27 жаштагы Качкын Тажибаев Жалал-Абад облусунда туулуп, кийин Орусиянын жарандыгын алган. Маркумдун атасы Каныбек Тажибаевдин айтымында, баласы баңгизат менен байланышы жок болчу. Ал өз эмгеги менен курулушта акча тапчу. Үй-бүлөсүндө улуу баласы болгондуктан ата-энесине, кичүү инилерине акча жактан жардам берип турган.
Каныбек Тажиев баласы баңгизатты мыйзамсыз сактап же колдонгонуна ишенбейт. Ал полиция кызматкерлери баласынын чөнтөгүнө баңгизатты өздөрү салып, ага жалаа жаап жатышат деп эсептейт.
“Балам өзүнүн ак эмгеги менен акча тапчу. Ал баңгизат менен байланышы бар дегенге ишенбейм. Полиция кызматкерлери жылдык отчетту толтуруу үчүн балама жалаа жапкылары келген. Балам качканда аркасынан 2-3 полиция кызматкери кууган деп жатышат. Эгер ошол чын болсо алар тапанча колдонбой эле аны кармап алышмак. Себеби, менин баламдын бою болгону 1,65 метр жана ал эч кандай спорттун түрү менен алектенген эмес. Аны кызматкердин тапанчасын сууруп алганга аракет кылган деп жатышат. Уулум тапанчаны колдонгонду билбесе аны эмне кылмак эле? Баламдын бутуна аталы дешкен, бирок ичине тийди дегенге ишенбейм. Кантип эле ушундай жакынкы аралыкта бутуна атам деп ичине атып алсын. Ошондо да бир нече жолу”,- дейт маркумдун атасы.
Каныбек Тажибаев адилеттүүлүк үчүн күрөшөбү же жокпу али белгисиз. Учурда баланын өлүмү тууралуу экспертиза чыкканы менен, канында баңгизат бар беле же жокпу айтыла элек.
Качкын Орусиянын жараны болсо дагы, сөөгү туулган жери Жалал-Абад облусуна алып келип коюлат. Маркумдун сөөгүн Орусиядан алып келиш үчүн бардык чыгымды эсептегенде 300 миң рубль кетет экен. Аталган сумманы чогултууга туугандары жана жердештери жардам берген.

Окшош жаңылыктар

150 миң доллар пара алды делген Илмияновдун иши боюнча тергөө аяктады.

Adminring

Ирандын түштүгүндө 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Adminring

Орусияда аскер кызматкери чыккынчылыкка шектелип кармалды

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика