Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
24.1 C
Bishkek
22.08.2019
Саясат Укук

Орозбек Опумбаев: “УКМКнын кызматкерлерин сабагандарды мыйзам чегинде түрмөгө отургузуп,анан кызматтан кетем”

Орозбек Опумбаев: "УКМКнын кызматкерлерин сабагандарды мыйзам чегинде түрмөгө отургузуп,анан кызматтан кетем"

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Орозбек Опумбаев УКМКнын кызматкерлерин сабагандарды мыйзам чегинде түрмөгө отургузгандан кийин кызматын тапшырарын айтты. Ал бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында билдирди:

– Мен бул иштерди бүтүрүп, баарын отургузайын. Айрыкча менин кызматкерлеримди ургандардын баарын мыйзам чегинде отургузуп туруп анан кызматтан кетем.

Опумбаев 7-августтагы Кой-Таштагы окуялардан кийин президент Сооронбай Жээнбековго кызматтан кетүү ниетин билдиргенин 8-августта Жогорку Кеңештин кесексиз сессиясында айткан.

Ал эми мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Опумбаевдин кызмат орду менен анын жоопкерчилиги кырдаал турукташкандан кийин караларын билдирген.

Эскерте кетсек 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы үзгүлтүккө учурап, УКМКнын «Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбеков окко учкан. Андан тышкары «Альфанын» алты жоокери барымтада калып, бир нече кызматкери токмоктолгон.

                                                                                                                 Б.Тынчтыкбекова   ” Ring.kg”

Окшош жаңылыктар

Атамбаевдин иши боюнча Түлеев суракка чакырылды.

Adminring

Атамбаев өгөй баласына неге ишенбейт, анан эл ага ишенеби?

Adminring

Өл өлкөсүндө карактоого шектелип издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Новосибирсктен кармалды

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика