Оору күчөп, айрым мекемелердин ишине өзгөртүүлөр киргизилди

Бишкек шаардык мэриянын маалымат кызматы 118 кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барарын билдирди.
Ага ылайык, эми колл-борбордун операторлорунун иши саат 08:00дөн кечки саат 22:00гө чейин узартылмакчы.
“Зарылчылыкка жараша линияларды жана мобилдик бригадалардын саны көбөйтүлөт”, — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, шаардык транспорт башкармалыгы коомдук транспортто санитардык ченемдерди жана эрежелерди сактоо боюнча рейддик, дезинфекциялык иш-чараларды жүргүзүүнү күчөтөрү кошумчаланды.
error: Content is protected !!