Нурсултан Назарбаев тактан кетишине кайсы оору себеп болгонун ачыктады

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев кайсы оорудан улам отставкага кетүүнү чечкенин ачыктады. Тактап айтканда, ал отставкага кетүүгө эмне себеп болгонун өзү жөнүндө тартылган документалдык тасмада айтып берди. Анын жүрүшүндө ден соолугун абалы дагы тактан кетишине себеп болгонун билдирди.

«Отставкага кетип жатканым тууралуу эч кимге айткан эмесмин. Ошол күнү эртең менен Путинге чалдым. Ал шок болду. «Бүгүн кечинде билдирүү жасайм, менин өз оозуман угушуңуз керек деп чечтим» деп айттым. Башка мамлекеттердин лидерлери билген эмес. Бул чечим 2015-жылы эле бышкан. 75 жылдыгым өткөндө өзүм үчүн”болду, бул — чек” деп чечтим», – деди президент.

Ал Казакстан элинин ассамблеясы ыйгарым укуктарын өмүр бою узартуу үчүн кол топтогонун жана өзүнүн каршы экенине карабай, 5 млн кол жыйнаганын белгиледи. Бул электораттын 65% болчу.

«1991-жылы биринчи президенттик шайлоодо 98,8% добуш алдым. 2015-жылы соңку шайлоодо 97,8% добушка ээ болдум. Элдин ишеними 80% пайыздан төмөндөгөн эмес. 2015-жылы эл добуш берүү үчүн кезекке туруп калышкан. Элдин ушундай мамилесине ээ болгонум абдан жагымдуу болду. Ушундай ишеним бар учурда кетиш керек болчу», – деди Эл башы.

Ал отставкага кетүүсүнө омуртка оорусу дагы себеп болгонун кошумчалады.

«Мен буга чейин айткан эмесмин, азыр айтып жатам. Омурткама операция жасаткам. Абдан олуттуу операция болчу. 8-мартта концертте отурганбыз. Концерт бүткөндө турсам, бутумду жылдыра албай калдым. Жан сакчыларымдын ичинен офицерди чакырып, «жаныма тур!» деп айттым. Колун кармап, таяндым. «Акырындан басалы, эч ким байкабасын» дедим. Зал толтура эл болчу. Ушинтип чыгып кеттим. Көрсө омурткамда көйгөй бар экен. Операция жасаттым. Айыктым. Баары жакшы. Кичинекей кезимде бир командир тууралуу тасма көргөм. Ал жаракат алган, бирок жоокерлери чабуул жасашы керек болчу. Командир жараатын таңып, кандай гана учур болбосун, жоокерлеринин алдында болушу керек экенин айткан», – деди Назарбаев.

Ал президентти ошол командирге салыштырды.

«Ооруган президент — мамлекет башчысы боло албайт. Бул сенин абалың, ага мамлекеттин кандай тиешеси бар. Мамлекет жабыркабаш керек. Бир жактарга барып, эл менен жолугушуп… 350 жолугушуу, элестетсеңиз! А мындай ден соолук менен кантип жетишесиң? 2011-жыл болчу. Жакшы хирург туш келип калды. Тажрыйбалуу болчу. Бул дарт дагы отставкага кетүү чечимиме таасир этти. Мен бул тууралуу эч качан айткан эмесмин, мени кечирип коюшсун. Бул тууралуу айтып коюп, кантип иштейсиң? Кеткенге даяр эмес болчумун, анткени мураскер белгисиз болчу. Андан кийин эч кандай дарт менен ооруган жокмун, азыр дагы оорубай элемин», – деди Назарбаев.

error: Content is protected !!