Нурболот Үсөнбаев: COVID-19 көп учурда чет өлкөдөн келген жарандарда тастыкталып жатат

23-майга карата 15 жаңы катталган учурдун, 10у сырттан келгендерден табылса, калганы оорулуулар менен байланышта болгондордун арасынан чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү брифингде билдирди.

Жүргүзгөн анализдин негизинде, COVID-19 вирусу көпчүлүк учурда чет өлкөдөн келген жарандарда тастыкталып жатат.

 Санкт- Петербургдан келген биздин тогуз курсан балдарыбыз коронавирус жуктуруп алган. Келгенден кийин тыкыр текшерүүгө алып, аларга обцервация шартын түзуп беришти» , — деди Үсөнбаев.

Ошондой эле ал республика боюнча социалдык жана экономикалык чөйрөдө иштин түрлөрү жандана баштаса да, вирус жугузуп алуу коркунучу дале бар экендигин айтып, бардык жарандардан социалдык аралыкты сактап, беткап тагынып, антисептик менен колдонуп, ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика