Нияз ПАЗЫЛОВ: «Кесипкөй юристтер бизде гана даярдалат»

Таажы дартынын кеспетинен жетилүү аттестаттары аябай кечеңдетилип, талапкерлердин окуу тапшыруусу дагы ушул тапта абдан чоң түйшүккө салып олтурат. Булар туурасында Ош мамлекеттик юридикалык институтунун (мындан ары ОМЮИ) кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Нияз ПАЗЫЛОВ кабарчыбызга курган он лайн маегинде агынган жарылды.

         – Нияз агай, ОМЮИге тапшыргандарды кабыл алуу башталдыбы?

         – Ооба.

         – Тилекке каршы, мунун жышааны дегеле байкалбайт ко?

         – Кантип? Биздин институтка деле талапкелер быйыл өзгөчөлөнгөн шартта – он лайн режиминде гана үйлөрүндө олтурушуп эле тапшырып жатышпайбы. Ошону үчүн Сиз шексинип жаткан турбайсызбы? Бирок, мунуңуздун таптакыр жөйөөсү жоктугуна эми чындап көзүңүз жеткендир…

– Даярдыгы жок туруп ЖОЖдорго чукул шартта мындай он лайн системасын киргизүүнүн өзү кажети бар беле?

– Ооба! Санариптештирүү, он лайн
видеокөзөмөл, биринчиден, жемкорлукка биротоло бөгөт койду. Экинчиден, тааныш-билишчиликтин тамырын акыры кыркты. Эң эле башкасы: коомчулуктун жана ата-энелердин такай көзөмөлүн талапкерлерди кабыл алуу жараянында ого бетер күчөттү. Ошентип, буга дейре жүрөгүбүздү куп гана өйүткөн шек саноолордон акыры биз дагы опоңой гана кутулдук!

         – Ниязбек мырза, өзгөчөлөнгөн бүтүрүүчүлөрдү ОМЮИнин өзүндө гана жумушка алып калуу, ошондой эле булардын баарын тең туруктуу жумуш менен камсыз этүү жагы кантти экен?

         – Бул өңүттө биздин институтта олуттуу деле көйгөй жок! Мыкты бүтүрүүчүлөрүбүздү ОМЮИге дароо эле алып калып, алардын дараметин жана ой-чабытын куп пайдаланууну туруктуу салтка айландырганбыз.

Ал эми ОМЮИнын алдында Карьера (Мансап) Борбору үзгүлтүксүз иштейт. Ал мамлекеттик буюртманы аткарганга гана туруктуу көмөктөшөт. Демек, жаш юристтердин жумуш табуусу мурункудай көйгөйгө айлана элек. Анын үстүнө жакшы кадрлар эч качан жерде калбайт эмеспи. Ар кимиси дароо ордун тааап кетип жатышат.

 

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика